Бишкекте шамал,  мөндүр түштү. Ысык-Көл, Нарында үшүк жүрүшү күтүлөт!

Бишкекте шамал,  мөндүр түштү. Ысык-Көл, Нарында үшүк жүрүшү күтүлөт!

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 24-майда,  түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөрүн билдирүүдө. Мындай үшүк жылуулукту сүйүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн коркунучтуу.

Бүгүн, 23-майда, Бишкекте шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетип жатат. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

23-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты