Аламүдүн районунда 58 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районунда коммерциялык багытта иштетилип келген мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө “Биримдик-Кут” конушунун башкы планында мектептин орду катары көрсөтүлгөн жер тилкеси үчүнчү тараптын жеке кызыкчылыгында коммерциялык багытта иштетилип келгени аныкталган.

Социалдык объектинин жерин мамлекетке кайтаруу максатында райондук көзөмөл органы прокурордук акты келтирип, анын негизинде 58 млн 175 миң сомдук 1,79 га жер аянты Лебединовка айыл өкмөтүнө кайтарылып берилди. Учурда ал жерге муниципалдык мектеп куруу пландаштырылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты