ЖК комитети өкмөт башчынын орун басарлыгына Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды. Мындай чечим комитеттин 29-марттагы отурумунда кабыл алынды.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кечээ, 28-мартта Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги эми Жогорку Кеңештин сессиясында каралып, колдоо тапса, президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты