Өкмөттөгү жаңы дайындоолор

Өкмөттө, кечээ, 22-майда, бир катар кызмат жетекчилери дайындалды.

 Өкмөттөгү жаңы дайындоолорТеңизбек Абжапаров— Салык кызматынын төрагасы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Теңизбек Абжапаровду Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагалыгына дайындады. Т. Абжапаров буга чейин Социалдык фондду жетектеп келген.

Мамлекеттик салык кызматынан жамаатына жаңы жетекчини биринчи вице Кубатбек Боронов тааныштырып, Абжапаровдун финансы тармагында зор иш тажрыйбасы бар экенин белгиледи. Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Октябрь Абдыкаимовго ыраазычылык билдирип, ал ата мекендик салык кызматына чоң салым кошконун айтты.

Медер Ирсалиев— Социалдык фонд төрагасыӨкмөттөгү жаңы дайындоолор

Мухаммедкалый Абылгазиев кой койгон буйрукка ылайык, Медер Ирсалиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Буга чейин ал Соцфонддун биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Гүлнуру Жуматаева— Соцфонд төрагасынын биринчи орун басары

Гүлнуру Жуматаева Социалдык фондн төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Буга чейин ал оцфонддун орун басары болуп иштеген.

Бул тууралуу Өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты