Бишкек шаардык соту Нурбек Токтакуновду камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту бүгүн, 28-мартта адвокат Нурбек Токтакуновду административдик камакка алуу боюнча биринчи инстанциядагы чечимге каршы жактоочулардын арызын карады.

Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген соң Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырганын билдирди.

Биринчи май райондук соту 24-мартта Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Ал сот залынан райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилип, кайра бошотулган. Ал эми 25-мартта кармалып, камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты