“Түндүкэлектр” ишканасынын жооптуу кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

“Түндүкэлектр” ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары, Бишкек шаары жана Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчылары коррупцияга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалган кызматкерлер электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгаруу менен мамлекетке 39 млн сом өлчөмүндө зыян келтиришкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары “Түндүкэлектр” ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Б.Т.О. жана Бишкек шаары боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы С.М.С.кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты