Сооронбай Жээнбеков: “Прокуратура коррупцияны ооздукташы керек”

Сооронбай Жээнбеков: “Прокуратура коррупцияны ооздукташы керек”

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды.

Башкы прокурор 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы, 2018-жылдын 17-майындагы Сот реформасы боюнча кеңешинин чечимдерин жана Президенттин Соттук реформа жөнүндөгү 2018-жылдын 22-майындагы Жарлыгын аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Жээнбеков прокуратура органдары коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти улантууга тийиш экенин жана максатка жетүү үчүн колдо бар ресурстардын баарын колдонуу зарылдыгын баса белгиледи. Сот реформасы  боюнча кеңештин чечимин жана соттук-укуктук реформаны ыкчамдатууга багытталган Жарлыкты аткарууга өзгөчө көңүл бурду.

«Башкы прокуратуранын кызматкерлери коррупцияга каршы күрөштүн башында туруп, аны ооздукташы керек», — деп баса белгиледи Президент.

Өткүрбек Жамшитов Башкы прокуратура тарабынан бир нече жумушчу топтор түзүлүп, аларга коюлган милдеттерди аткарууга байланыштуу маселелерди иштеп чыгуу тапшырылганын кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты