КСДП: Кийинки кезде коомго терс иш жасагандардын баары Алмазбек Атамбаев менен байланыштырылып жатат 

КСДП: Кийинки кезде коомго терс иш жасагандардын баары Алмазбек Атамбаев менен байланыштырылып жатат Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын (КСДП) атынан партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кийинки кезде коомдогу терс иш жасаган адамдардын баарын Алмазбек Шаршенович Атамбаевге байланыштырып коомго таңуулап жатышканы тууралуу бүгүн, 23-майда,  мааламдады.  

Анда мындай деп айтылат:

“Акыркы айларда терс иштерди жасагандардын баарын КР экс-президенти жана КСДП партиясынын лидери А. Ш. Атамбаев менен байланыштырып коомго таңуулап жаткан көрүнүш байкалууда, ошондой эле айрым кылмыш иштерин күч органдары тандап иликтеп жатканын  байкап жатабыз” деп билдирди КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун суракка алынышы боюнча кылмыш иштерди комментарийлеп.

Тактап айтсак, Жогорку Кеңеш депутаттары Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда болгон авариянын себептерине байланыштуу маселени 10 жана 16-майда кароо “сот процессин” эске салганын айтып чыгышты. Ал эми кабыл алынган корутунду, депутаттар өздөрү да белгилегендей, каралоо белгилерин алып жүрөт.

Жогорку Кеңештин токтому 2018-жылдын январь айындагы Бишкек ЖЭБиндеги аварияга түздөн-түз күнөкөр болгон кызмат адамдарынын жоопкерчилиги тууралуу пункттары жок экени да таң калыштуу.  Анын ордуна парламент маселенин экинчи бөлүгүнө, тактап айтсак ЖЭБди модернизациялоо демилгесин көтөргөндөрдү каралап туруп алды, ал эми адистердин айтуусуна караганда, ЖЭБди модернизациялоо оңдой алгыс катастрофадан сактап калган.

Укук коргоо органдары да ЖЭБдеги авариянын кесепетин иликтөө маселесинде ачык эле тандамал иш жүргүзүп жатышат. Алсак, эң алгач кылмыш иши ЖЭБдеги авария боюнча козголгон.  Бирок ЖЭБ аварияга учураган кездеги, мурдагы директор Нурлан Өмүркул уулун жоопкерчиликке тартуунун ордуна тергөө органдары аварияга түздөн-түз тиешеси жок адамдарга эле негизги көнүлдү бурушту. Жалал-Абад шаарынын мэри, КСДП партиясынын мүчөсү С. Авазовду камашты, мурдагы Премьер-министр, КСДП партиясынын төрагасынын орун басары С. Исаковду суракка алып жатышат.

Биз Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу, эгер кемчилик кетсе, аны кылдат иликтөө зарылдыгын жокко чыгарбайбыз, келишимге эл аралык аудит керек экенин да жокко чыгара албайбыз, бирок адегенде ЖЭБдеги аварияга кимдер түздөн-түз күнөөлүү болсо, ошолорго чара көрүлүшү керек деген бекем ишенимдебиз.  Сөз участоктун мастерлери, цехтердин начальниктери тууралуу эмес, ЖЭБдин директору жана андан да жогору кызматтагы адамдар тууралуу болуп жатат.

Андан кийин. КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин 2018-жылдын 31-мартындагы пресс-конференциясынын кийин коомчулук Жалпыга маалымдоо каражаттарына “Райым-миллион” атыгып жүргөн Райымбек Матраимовго  мамлекеттик бийлик кандай чара көрөр экен деп күтүп жатат. Бирок Бажыдагы жегичтикти иликтөөнүн ордуна, биздин оюбузча, КСДП партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү Кубанычбек Кулматовго ойдон чыгарып кылмыш мойнуна илип жатышат.  Ал эми Р. Матраимовдун жеп-ичкенинин далили катары, Матраимовду кызматтан алгандан кийин Бажыдагы мамлекеттик төлөмдөр кескин өсүп кеткендигин айтууга болот

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын мындай тандап жазалоочулугу коррупцияга каршы күрөшүүнүн идеясынын өзүнүн баркын кетирет.

КСДП пресс-кызматы

              

0

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты