Мухаммедкалый Абылгазиев: “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр жана чечимдер ачык-айкын болушу керек”

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр жана чечимдер ачык-айкын болушу керек”Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 22-майда, «Centerra Gold Inc.» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Стратегиялык келишимге байланыштуу маселелерди талкуулады.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын активдеринин негизин түзгөн «Кумтөр» долбооруна жараша, ал дүйнө жүзүндөгү ири кен өндүрүүчү компаниялардын катарына кирээрин белгиледи.

«Өкмөт өлкө экономикасындагы «Кумтөр» долбоорунун маанилүү ролун түшүнөт. Ошондой эле бул долбоор коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп тураарын, буга байланыштуу тараптардын бардык сүйлөшүүлөрү жана кабыл алынган чечимдер ачык-айкын жана коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеши тийиштигин белгилей кетүү керек.

Биз «Центерра» компаниясынын жетекчилигинин Кумтөр» долбоорун ачык башкаруу тутумун түзүү жана жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүү боюнча жасаган кадамдарын колдоого алабыз. Буга катар инвестициялык долбоорду ишке ашыруу алкагында айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык өнөктөштүк маселелери боюнча белгилүү жыйынтыктарга жетишүү зарыл» деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде «Centerra Gold Inc.» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри Кыргыз Республикасынын жана компаниянын Директорлор кеңешинин позициясын жакындатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Бул тууралуу Өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты