Өмүрбек Текебаевдин иши: Жаңы жагдай бошотууга негиз берет  

Өмүрбек Текебаевдин иши: Жаңы жагдай бошотууга негиз берет  Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлар аны бошотууга негиз берээрин айтып жатышат.  Наталья Никитенко (“Ата Мекен”)Мирлан Бакиров («Өнүгүү-Прогресс»),  Мирлан Жээнчороев (“Республика-Ата журт”) жана  Жанар Акаев журналисттер менен жолугушууда ушундай деп билдиришти.

 Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар төмөнкүлөр:

  1. Депутат Наталья Никитенконун айтымында, 2010-жылдын 13-майында Маевскийдин Бишкекке келгени, «Хаят» мейманканасында жайгашканы тууралуу  тергөө маалыматы төгүнгө чыгарылып жатат.

Иш жүзүндө  Маевскийдин паспортунда ал күнү Кыргызстандын чек арасынан өткөнү тууралуу тиешелүү мөөр басылган эмес жана мейманканадагы бөлмө “Леонид Викторович Маевский” деген башка ысымдагы адамга катталган. Ал эми Маевскийдин чыныгы ысымы “Леонид Станиславович”.

  1. Адвокаттар 2010-жылдын 13-майында «Леонид Маевский жана Алексей МодинТекебаев менен жолуктук» деген өкмөт үйүндөгү №306 кабинетте ал кездеги Убактылуу өкмөттүн биринчи вице-премьери Алмазбек Атамбаев иштегени белгилүү болгонун билдиришүүдө. Өмүрбек Текебаев 307-кабинетте отурган.
  2. Өмүрбек Текебаев «Маевский менен жолукту» деген учурда Конституциялык кеңешменин жыйынынд отурган, Дүйшөнкул Чотонов Ошто жүргөнүн бышыктаган далилдер табылды.

Мына ушул жаңы жагдайларды эске алганда “Ата Мекен” партиясынын лидеринин иши кайра каралышы керек жана аны бошотууга негиз болот  деп эсептешет КР ЖК депутаттары Н. Никитенко, Мирлан Бакиров,  Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты