Кыргызстан журналисттеринин конференциясы болот

Кыргызстан журналисттеринин конференциясы болот

Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы жана келечеги тууралуу талкуулоочу конференция Бишкекте 26-майда өткөрүлөт. Аны “Медиа өнүгүү борбору” менен ЖМК үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясы уюштурмакчы жана жыйын өткөрүүгө Венеция комиссиясы колдоо көрсөтөт.

Конференцияда маалымат каражаттарына карата даттанууларды териштирүүчү комиссия мүчөлөрү кайра шайланып, КР журналисттеринин Этикалык кодексине өзгөртүүлөр сунушталат.

Иш-чараны “Медиа өнүгүү борбору” коомдук фонду жана Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды териштирүү комиссиясы уюштурууда. Конференцияны өткөрүүгө Венеция комиссиясы колдоо көрсөтөт.

Журналисттердин Этикалык кодекси 2007-жылды кабыл алынган. Комиссияда 13 киши бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты