Сөз эркиндигин коргоо комитети: Материалдык доо арыздар кыскартылып, адилетсиз соттолгондор бошотулсун!

Сөз эркиндигин коргоо комитети: Материалдык доо арыздар кыскартылып, адилетсиз соттолгондор бошотулсун!

Аталган комитет А. Атамбаевдин калган материалдык доо арызын да чакырып алууга, адилетсиз кылмыш иштерин кыскартуута чакырды.

Сөз эркиндигин коргоо комитети кечээ, 21-майда, тараткан билдирүүсүндө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттер Дина Маслова, Нарын Айып жана “Адилет” укук коргоо клиникасынын директору Чолпон Жакуповага карата материалдык доосунан баш тартканын кубаттады. Бир ай мурун Сооронбай Жээнбеков Кабай Карабековго карата доосунан баш тартканы Атамбаев үчүн жакшы мисал болуп калды дешет алар.

Жакшы жышаанды баштоодо “Эрдик кылсаң баса кыл” дегендей, аягына чейин жасоону сунуштады. Анда мындай деп айтылат:

“Атамбаев аягына чейин ырааттуу иш жүргүзүп, 2015-жылы соттолуп,  2 млн доллар төлөмөр болгон журналист Дайырбек Орунбековдун, соттун чечими менен 10 млн доллар Атамбаевге төлөмөр болгон адвокаттар Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизге материалдык доосунан баш тартууну суранабыз” деп айтылат.

Аталган комитет андан ары башка сот иштерине да таасир көрсөтүүнү суранат.

“Ошондой эле биз Александр Рябушкиндин Александр Кимге болгон доосунан баш тартууга таасир көрсөтүүнү суранабыз, 2015-жылы адилетсиз соттун чечими менен “Вечерний Бишкек” басма үйү тартылып алынып, 2015-жылы сот чечимдери мыйзамдуу күчүнө кирип, аткарылганга чейин, мурдагы (2015-жылга чейинки) дивиденддерин алганы боюнча кылмыш иши козголгон”деп айтылат.

Дача Су айылынын жашооочуларынын митингин колдоп чыккан Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш ишин кыскартуу, “Дан азыктын” башчысы Алга Кылычов менен Турат Акимовдун Мавлян Аскарбековго 70 млн сом доосун, ошондой эле   «Kyrgyztoday» сайтына салынган көп миллиондук доодон баш тартууга чакырат.  «Фергана.Ру» сайтынан Улугбек Бабакуловго кылмыш ишин кыскартып, ага жана мыйзамсыз Кыргызстандан чыгарылган Григорий Михайловго кайра кайтууга мүмкүнчүлүк түзүүнү суранат.

Комитет президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкүл Чотонов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Канат Исаев, Мелис Аспеков, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Садыр Жапаров, Абдылда Капаров, Максат Кунакуновго козголгон адилетсиз кылмыш ишин токтотууга чакырды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты