Жаңы конуштун жашоочулары документ менен камсыз болууда

Жаңы конуштун жашоочулары документ менен камсыз болууда

Борбор калаанын чет жакасындагы Дордой-1-2, Келечек, Калыс Ордо, Алтын Казык жаңы конуштарынын документи жок тургундарын жана алардын балдарын тиешелүү документтер менен камсыз кылууну «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси Мамлекеттик каттоо кызматы менен чогуу ишке ашырууда.

Уюмдун маалыматы боюнча, өткөн жылы аталган бирикмеге туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, паспорт, баланы багып алуу, атын өзгөртүү, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк ж.б документтерин калыбына келтирип берүү өтүнүчү менен 900 адам кайрылган. Алардын ичинен 334 адамга тиешелүү кеңештер берилип, 184 киши документтерин жаңылаган. 106 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү калыбына келтирип, 45 бала мектепке кирген.

Бишкектин айланасында элүүгө жакын жаңы конуш бар. Анда жашап жаткан элдин азыраагы ички мигранттар. Документи жоктугунан жабыркагандардын басымдуу бөлүгү да ошол ички мигранттар экенин адистер белгилеп келишет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты