Жазуучу, драматург Көчкөн Сактанов дүйнөдөн өттү

Жазуучу, драматург Көчкөн Сактанов дүйнөдөн өттү

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. 20-майда, 76 жаш курагында жазуучу, драматург Көккөн Сактанов дүйнөдөн өткөндүгун Жазуучулар Бирлигинен Жылдыз Акаева билдирди.
Көчкөн Сактанов 1942-жылы 10-октябрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Кең-Жылга айылында туулган. 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнө өткөн. Эмгек жолун 1959-жылы Көк-Жаңгак шахтасында электровоздун машинисти болуп иштөөдөн менен баштаган. 1968-жылдан  Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, кийин “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, “Кыргызфильм” студиясында редактор, Фиалрмонияда бөлүм башчы, “Азаттык” редиосунун кабарчысы , Кыргыз-Түрк Манас университетинде окутуучу болуп иштеген. 1968-жылы «Үчөөнүн жүрөгү» аттуу алгачкы повести басылып чыккан. К.Сактановдун «Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам» жана Т. Касымбеков менен тең авторлукта жазылган «Курманжан датка» аттуу драмалары бир катар кыргыз драма театрларында коюлган. 1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Анын “Адат азабы” , “Маркумдар үнү”, “Сталинден кийинки заман”, Чөөлөрдүн заманы” романдары, “Үчөөнүн жүрөгү” повести, “Апама кат”, “Умтулуу” аңгемелер дыйнагы ж.б. чыгармалары белгилүү.
Көчкөн Сактанов кийинки жылдары ооруп, дарыланып жаткан. Быйыл күздө 76 жашка чыкмак. Таланттуу жазуучу, драматург кыргыз адабияна бараандуу из калтырып, көптөгөн окурмандардын урмат-сыйына татыктуу болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты