Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык талкууланды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пакистан Армиясынын штабынын башчысы Камар Жавед Баджва менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызмати билдирди.

Жолугушуу Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин 48-сессиясынын алкагында өттү.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты талкуулап, терроризм, экстремизм сыяктуу заманбап чакырыктарга каршы турууда күч-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгына басым жасашты.

«Министр Казакбаев аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана Кыргызстандын аскер кызматкерлерин Пакистандын аскердик окуу жайларында окууга жөнөтүү жаатында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Жавед Баджва аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында Кыргызстан менен мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты