“Музейлер түнү” эл аралык акциясы Кыргызстанда да өттү

“Музейлер түнү” эл аралык акциясы Кыргызстанда да өттү“Музейлер түнү” акциясы алгач 1997-жылы Германияда, Берлинде башталган. Ошондон бери, 19 жылдан бери ал дүйнөңүн көптөгөн мамлекеттеринде жайылтылды. Ал азыр Европа гана эмес, Азияда да кеңири кулачын жайды. Россия, Казакстан, Тажикстан, Эстония ж.б. көптөгөн мамлекеттер менен катар Кыргызстанда да 18-майдан 20-майга чейин өттү.

“Музейлер түнү” эл аралык акциясы Кыргызстанда да өттү

“Музейлер түнү” эл аралык акциясы Кыргызстанда да өттү

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын бардык аймактарында «Музейлер түнү» өттү. 18-майда “Музейлер түнү” борборубуз Бишкектен Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн болсо, 20-майда Кыргызстандын бардык облустарында аталган иш-чара жогору деңгээлде уюштурулду.

“Музейлер түнү” эл аралык акциясы Кыргызстанда да өттү

“Музейлер түнү” эл аралык акциясы Кыргызстанда да өттү

 

Ош облусунда «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде интерактивдүү оюндар (таш доору, саймалуу-таш, флора жана фауна) багыттарында коштолду.

Ушундай эле иш-чара Таластын Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын Т.Г.Герцен атындагы көркөм-сүрөт музейинде,  Нарын облусунда ж.б. кеңири кулач жайып, маданий программалар менен коштолду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты