УКМК: Экс-мэр Кубанычбек Кулматовго коррупция боюнча айып тагылды

УКМК: Экс-мэр Кубанычбек Кулматовго коррупция боюнча айып тагылды

Бүгүн, 21-майда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш иштер кодексинин тиешелүү беренеси боюнча айып таккандыгы тууралуу маалымат таратты. Анда УКМК басма сөз кызматы 18-майда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы КР Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү, Коррупция боюнча айып такты.

Билдирүүдө айтылгандай, 2014-жылы К. Кулматов Бишкек шаарынын мэри боьлуп иштеп турганда Кытайдын TBEA компаниясы тарабынан “Бишкек ЖЭБин модернизациялоого” каралган акча каражатынын алкагында берилген 2 млн АКШ долларын гранттык каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагылууда. К. Кулматов аймактарда эки мектеп курууга каралган каражатты КР Өкмөтүнүн карамагынан Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына которгон, анын себеби Калыс Ордо жаңы конушуна мектеп куруу керек деген жүйөнү айткан.
Натыйжада К. Кулматов “Альто групп” ЖЧК жетекчиси менен сүйлөшүп алып, конкурс өткөрбөй туруп, алар менен келишим түзгөн, кытайлык компаниядан ал үчүн 1млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты аталган жеке компаниянын эсебине түз которууга жетишкен. Ошондой эле Калыс Ордодогу мектептин курулушуна шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп берилген.
Азыркы учурда подрядчиктин жеке компаниясынын жетекчилеринин бири кармалып, УКМКнын убактылуу жайына камалды.
Кечээ, 20-майда, айып тагылган Кубанычбек Кулматовдун, Бишкек шаарынын мэриясынын башка жооптуу кызматкерлеринин жана жеке компаниядардын жетекчилеринин үйүндө санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты