Майрамыңыздар менен, Энелер!

Майрамыңыздар менен, Энелер!
Май айынын үчүнчү жекшембиси, 2012-жылдан бери Кыргызстанда Энелердин майрамы катары белгиленип келе жатат. Быйыл ал бүгүнкү, 20-майга туура келди.
Президент Сооронбай Жээнбеков 18-майда Энелер күнү майрамынын алдында уюштурулган салтанаттуу аземде Кыргызстандын бардык аймактарынан келген көп балалуу энелерди “Баатыр Эне” ордени менен сыйлады жана Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салым кошкон кыргызстандыктардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды.
Мамлекет башчы Энелердин күнү менен куттуктап, бул майрам өзгөчө экенин белгиледи.
“Бул дүйнөдө Энеден өткөн ыйык түшүнүк жок. Баланын эң жакын, касиеттүү адамы дагы Эне. Энеге гана ыйык деген сөз жарашат деп айтаар элем. Эне гана ыйык деген сөзгө татыктуу. Энелерге күнүгө урмат-сый көрсөтсөк дагы аздык кылат. Өзгөчө майрам күндөрү биз ушул жарык дүйнөгө алып келген апаларыбызды ар дайым эстейбиз. Мээрибизди тартуулап, урмат-сыйга бөлөп, колдон келген белектерди берүүгө аракет кылабыз. Өтүп кеткен апаларыбыздын акыл-насааттарын эстеп, куран окуп, бейиштерин тилейбиз” деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчы салтанаттуу аземде Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан жарандар, балдар жана кыздардын энелери отурганын айтты. Алар — кинорежиссер Руслан Акундун апасы Канышай Акунова, мыкты көк-бөрүчүлөр Манас, Жаныш, Байыш Ниязовдордун апасы Айсалкын Эсенбаева, жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Дарья Маслованын апасы Галина Маслова, шахматчылар Руслан, Арзыбек, жана Айжан Съездбековдордун апасы Гүлбарчын Калдыбаева, балет артисттери Максат жана Марат Сыдыковдордун апасы Гүлкайыр Карабекова, хореография режиссеру Тилек Кийизбаевдин апасы Фаризатхан Кийизбаева, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу Асель Сартбаеванын апасы Дамира Сартбаева.
Маалымат үчүн:
Президенттин Жарлыктарына ылайык, жети жана андан көп баланы тарбиялаган 1354 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы тарбиялаган 454 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты