70 жаштагы Мамыт Таштанов Ташкентке велосипед менен кетти

70 жаштагы Мамыт Таштанов Ташкентке велосипед менен кетти
18-майда Ош облусунун Чоң-Алай  районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну, эмгектин жана  спорттун ардагери   Мамыт Таштанов велосипед менен Бишкектен Ташкентти карай жөнөп кетти.
Ал “Бишкек-Ош-Анжиян-Кокон-Бухара-Самарканд-Жизак-Манас-Ташкент-Бишкек” багыты боюнча велосипед менен жөнөп кетти.
Аталган иш-чара  КР  маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаменти тарабынан уюштурулду.

Велосипед менен Меккеге бара албай калып, Өзбекстанга кетти

Чоң-Алай районунан Бишкекке келип, велосипед менен Өзбекстанга жөнөр алдында М. Таштанов менен ат жалында маектешкенде ал Өзбекстанда эки ай жүрөөрүн жана Кыргызстанды туризм жагынан жарнама кылаарын айтып берди.
Мамыт ага, велосипед менен көптөн бери машыгып жүрөсүзбү?
—Мен кичинемден велосипедди көп тепкем. Кээде 5-6 метрге да секирчүмүн.
—Мурда да ушинтип жүрүштөргө чыктыңыз беле?
—Мурда катышкан эмесмин, биринчи жолу катышып жатам. Быйыл Меккеге ажылыкка велосипед менен барайын деген оюм бар болчу. Бирок ал оюм ишке ашпай калды. Муфтиятка уруксат алайын деп он беш күн бою каттадым. “Бир жумадан кийин кел, анан кел” деп отуруп, убакыт өтүп кетти, ошону менен барбай калдым. Болбосо ажыга велосипед менен барган 70 жаштагы адам катары Гиннес китебине киришим мүмкүн болчу. Ажыга велосипед менен барууга эмнеге тоскоолдук кылышканын билбейм.

70 жаштагы Мамыт Таштанов Ташкентке велосипед менен кетти
-Велосипед тепкенде сизге кыйынчылык болбойбу?
—Жок. Мен күнүнө бир топ чакырымга велосипед тебем.
Өзбекстанда канча күн болосуз?
—Өзбекстанда 2 ай жүрөм, кудай буюрса. 7-8 шаарына барып, ар биринде 1-2 күн турам. Кыргызстанды туризм боюнча реклама кылып, өзбек туугандар менен жолугуп, сүйлөшүп, анча-мынча музейлерин көрүп кайтам.
—Велосипед тээп жолго чыгууга бардык шарттар барбы?
—Ооба, бардык шарты бар. Рулу жакшы бурулат, фонарик, километр көрсөткүч— баары бар.
—Эгер жолдо, Төө ашууда кар жааса эмне кыласыз?
—Төө ашууда кар деле жок.
Кыргызстан боюнча канча адам кетип жатасыздар?
—Мен жалгыз элемин. Өзүмдүн каражатым менен кетип жатам. Башка эч ким өзүнүн каражаты менен баргысы келбейт да. Кетип жатканымдан максаты—кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы достукту күчөтүү, эки элдин ортосунда көпүрө болуу. Өзүмө ушундай максат койгом.
—Анда сапарыңыз байсалдуу болсун!

Маектешкен Абдыганы Суранов

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты