Алмазбек Атамбаев журналисттерге доосунан баш тартмай болду

Алмазбек Атамбаев журналисттерге доосунан баш тартмай болду
“Медиа Полиси” институтунун жетекчиси Бегайым Усенованын, “Интерньюстун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Элина Каракулованын экс-президент Алмазбек Атамбаевге Кайрылуусуна жооп кылып, экс-президент журналисттерге салынган көп миллиондук доосунан баш тартмай болду.
“Акыркы жылы Кыргызстандын расмий катталган маалымат каражаттарында жана медиа жамааттарында болуп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөр менин журналисттер Нарын Айып, Д. Маслова жана укук коргоочу Ч. Жакуповага койгон материалдык доомду кайра чакырып алууга мүмкүнчүлүк берет” деп айтылат ал Кайрылууга жоопто.
Жакында “Медиа Полиси” институту жана “Интерньюстун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгү экс президентке ЖМКдагы материалдар боюнча бир канча миллиондогон доо койгондугу боюнча коомчулукта талкуу болуп жаткандыгы тууралуу Кайрылуу жөнөтүшкөн. Тагыраак айтсак, «Zanoza.kg» интернет порталы жана журналисттер Нарын Айып менен Д.Масловага, ошондой эле укук коргоочу Чолпон Жакуповага доо коюлган.
Өз Кайрылуусунда медиаэксперттер журналисттерди куугунтуктоого каршы тураарын жана сөз эркиндигин кандай да болбосун, кысымга алууга каршы туруп келгендерин жана дайыма каршы тураарын билдиришкен.
Алардын ою боюнча, кетирилген ката үчүн соттор койгон доо акыйкатсыз жана материалдык жактан эң эле чоң өлчөмдө экенин белгилеп, Б. Усенова менен Э. Каракулова ошол эле кезде кийинки убакта медиа коомчулуту жана мамлекет жогоруда аталган доону чечүүдө бир катар жакшы жыйынтыктарга келишкендигин белгилейт.
Кризис кесипкөй медиа коомчулукта маанилүү жана керектүү талкууну уюштурду. Көптөгөн ЖМК, анын ичинде, Zanoza.kg , Медиа Полиси институту жана КР Интерньюс өкүлчүлүгү менен бирдикте кетирилген катаны оңдоо жана абалды жакшыртуу боюнча көптөгөн олуттуу талкууларды өткөрдү.
Медиа коомчулукта журналисттик этиканы сактоо боюнча пикир алышуулар, тренингдер жана тегерек столдор уюштурулду. Анын баары жарыяланган материалдардын сапатын жогорулатууга, редакциялоого жана “фейк” маалыматтар көйгөйүнө көңүл бурууга мүмкүндүк берди.
Медиа эксперттер Ч. Жакуповага коюлган доону да белгилеп кетишти. Адардын пикири боюнча ал “2017-жылдын 30-мартындагы тегерек столдо журналисттердин укугун коргоого аракет кылган, бирок анын айткандары ЖМКда анчалык так берилген эмес…”
Натыйжада, жарыяланган материалга таянып, сот муну укук бузуу катары караган, бирок медиа эксперттер анын “оозеки эл ичинде айтканы талапка жооп берет” дешет.
Ошого байланыштуу, эксперттердин байкоосу боюнча, өткөн жылы жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялары жана расмий катталган интернет-каражаттар саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин айткандарынын жана маалыматтардын чындыгын текшерүүгө көп көнүл бура башташты.
Бирок медиаэксперттердин ою боюнча, көптөгөң миллион сомдук доолорду төлөтүү коркунучу, ошондой эле ЖМКны ошондой жазалоо практикасы терс жактарды гана алып жүрөт.
Андан дагы бул абалдан баюуну жана сөз эркиндигин кысымга алуну көздөгөндөр пайдаланып кетиши мүмкүн.
Бул Кайрылууга жооп кылып, Кыргызстандын экс-президенти А. Атамбаев материалдык доо коюу максаты эмес болчу. Максаты коомду ушак-айыңдан сактоо механизмин түзүү болгон.
Ошол эле кезде Алмазбек Шаршенович медиаэксперттердин кризиси “муздак суу сепкендей” милдетин аткарып бүткөндүгү тууралуу пикирлерине кошулат.
Экс-президент өткөн жылы прокуратура органы жана медиакоомчулук жасаган иштердин маанилүүлүгүнө, керектүүлүгүнө жана журналисттердин өзүнүн “фейк” темаларга жана ушак-айыңга мамилеси өзгөрүп, маалыматтык чөйрөдө абал жакшы жагына өзгөрдү.
“Муну мен да көрүп жатам жана менин замандаштарым да айтып жатат. Силер да өз Кайрылууңарда белгилеп жатасыздар” деди А. Атамбаев медиаэксперттерге жообунда, -ошондуктан кийинки жылы Кыргызстандын расмий катталган маалымат каражаттарында жана медиа коомчулукта позитивдүү жагына өзгөрүүлөргө ишенимим журналисттер Нарын Айып, Д. Маслова жана укук коргоочу Ч. Жакуповага материалдык доомду чакырып алууга мүмкүндүк берет”деди экс президент.
Доонун өлчөмү боюнча сунуштарды экс-президент мыйзам чегинде чечип алуу керектигин белгиледи. “Фейк” кабарлар менен жаңылыктардын, ушак-айыңдын күрөшүнүн натыйжалуу жагын таап, экинчи жагынан медиа-рыноктун чыныгы мүмкүнчүлүктөрүнүн тең салмагын табышы керек. “Биз бул маселени талкууладык, депутаттар тең салмакты табат деп ишенем” деди А. Атамбаев.
Бул маалыматты КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди.
(Орус тилинен редакция тарабынан которулду)

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты