Абакта жаткан “Ата Мекен” партия лидери Өмүрбек Текебаев Энелер күнү менен куттуктады

Абакта жаткан “Ата Мекен” партия лидери Өмүрбек Текебаев Энелер күнү менен куттуктады

Абактагы  “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Энелер күнү менен кыргызстандык жалпы энелерди, апаларды куттуктады. 
Кымбаттуу энелер, асыл апалар! Урматтуу мекендештер!

Май айынын үчүнчү жекшембиси Кыргызстан эли Энелер күнүн белгилейт. Бул майрам кыргызстандыктар үчүн жагымдуу майрамдардын бирине айланды. Мээримдүүлүктү, аруулукту даңазалаган бул майрам быйыл ыйык Орозо айына туура келип отурат. Эне күнү үйдүн куту болгон энелердин ыйыктыгын, асылдыгын жана эне мээримин дагы бир ирет даңазалап, өзгөчө жылуу сөздөрдү арноого мүмкүндүк түзөт.
“Бейиш – эненин таман алдында” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Чындыгында, эненин ыйыктыгы айтып бүткүс чоң тема…

Сүйүктүү энелер, апалар!

Сиздер, бир гана майрам күндөрү гана эмес, өмүр бою кадырлоого татыктуусуздар. Сиздер биздин сыймыгыбыз, дөөлөтүбүз, үйүбүздүн, төрүбүздүн кутусуздар. Биз үчүн канчалаган кыйынчылыктарды көргөнүңүздөрдү биз ар дайым билүүгө жана ал мээнетиңиздерди актоого, акыбетин кайтарууга милдеттүүбүз.
Майрамыңыздар менен куттуктап жатып, мен Сиздерге жакшылыктарды, бактылуу күндөрдү каалайм! Ден соолугуңуздар чың болуп, бакубат жашоо кечириңиздер!

Өмүрбек Текебаев
“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты