Жашыруун иштеген казино ачыкталды

Жашыруун иштеген казино ачыкталды

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы Бишкекте жашыруун иштеген казино ачыкталганын кечээ, 17-майда, билдирди. 

 Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте жүргүзгөн иш-чаранын натыйжасына  Чүй проспектиси, 4 дарегинде, (ЖЭБ тарап) эки кабаттуу үйдө жашыруун казинону анытады. Ал жерде рулетка, поер столдору, ойноочу автоматтар жана казинонун  иштеши үчүн керектүу нерселер, бухгалтерлик документтер ж.б. табылган. (10 ойноочу автомат, 12 покердик стол, 1 рулетка, барабансыз 5 рулетка столу табылып, алынган).

Бул факты боюнча Экономикалык кылмыштка күрөшүү кызматынын Бишкек шаардык бөлүмү Кылмыш иштер кодексинин 259-1 беренеси (кумар оюндарын уюштуруу, андай мекеме күтүү же лотерея жабдуусун уюштуруу) менен кылмыш иши козголду.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты