Бүгүн музей түнүнө келиңиздер!

Бүгүн музей түнүнө келиңиздер!

Адатта, биз музейлердин күндүз гана иштегенине көнүп калганбыз. Ал эми музей түнкүсүн да иштесе кандай болор эле деп ойлойсуз? Анда бүгүн, 18-майдан баштап 20-майга чейин Кыргызстандын бардык аймагында “Музейдеги түн” маданий иш-чарасына барып катышсаңыз, музейдеги түн кандай болоруна өзүңүз күбө болосуз.

Бүгүн, 18-майда ачылган иш-чара 20-майга чейин уланат.   “Музейдеги түн” иш-чарасын “Искусство жана маданият борбору” коомдук бирикмеси, “OYOUM group» чыгармачыл тобу  КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте уюштурганы жатат.

“Музейдеги түн” акциясынын башталганына быйыл беш жыл болду. Бул жолу ал “Жарыкка чыгуу” деп аталат жана салтка айланып калган көрүнүшкө жаңы долбоорлор, инсталляция кошулат.

“Музейдеги түн” бул ирет “Чыңгыз Айтматов дүйнөсүнө”, Көчмөндөр турмушуна, экологияны сактоого багытталган иш-чараларга арналат.  Өзүбүздүн жарандар менен катар дүйнөнүн ар тарабынан келген меймандар да катышат.

Музейлердин ичинде жана сыртында, китепканаларда, чыгармачыл студияларда чеберчилик мектептери, манасчылар, ырчылар, жаз-бенддер жана жиджейлер иштейт.

Айтылуу сүрөтчүлөр, скульпторлор жаштарга чеберчилик өнөрканасын көрсөтөт.

Театрларда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган чыгармалар коюлат.

18-майдан 20-майда саат 18:00 дөн 24:00 гө чейин КР жарандары жана меймандар акысыз төмөнкү даректерге барса болот :

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи.

  1. Касымалы Баялинов атындагы республикалык китепкана
  2. Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры
  3. Михаил Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик мемориалдык музейи
  4. Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи
  5. Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйү
  6. Ольга Мануйлованын мемориалдык үй-музейи
  7. Семен Чуйковдун мемориалдык үй-музейи
  8. Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы
  9. Эмен паркындагы ачык асман алдындагы скульптура музейи
  10. Эмен багындагы КР Сүрөтчүлөр Бирлигинин Көргөзмө залы
  11. “ 705 “студиясы,
  12. «Loft» цехи
  13. «Туңгуч» концерт-холлу (Булар акысыз)
  14. «Asanbay» борбору (билет менен).

Кыргызстандын аймагында да 20 майдан саат 18:00 дөн 22:00 гө чейин “Музейдеги түн” иш-чарасы өтөт:

  1. Ош шаарындагы “Сулайман тоо” тарыхый-археологиялык музей-комплексинде
  2. Талас облусунун “Манас-Ордо улуттук комплексинде
  3. Баткен шаарындагы Баткен облустук драма театрында
  4. Жалал-Абад шаарындагы «Билимканада»
  5. Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылыныда “Shygaev museum” деп аталган искусство музейинде
  6. Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда
  7. Нарындагы облустук тарыхый-этнографиялык музейинде

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты