“Апрель” телеканал операторунун видеокамерасын алып койгон “Бета Сторес-2”  кызматкерлерине кылмыш иши козголду

“Апрель” телеканал операторунун видеокамерасын алып койгон “Бета Сторес-2”  кызматкерлерине кылмыш иши козголду

“Апрель” телеканалынын оператору С. Р. Бишкек шаардык ИИБине “Бета Сторес-2” соода үйүнүн кызматкерлери анын видео камерасын, камеранын эстутум картасын алып койгондугун билдирип, 16-майда арыз жазган.

Келип түшкөн арыздын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш иштер кодексинин  167-берене, тоноочулук жана 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгонун Бишкек шаардык ИИБ басма сөз кызматы кабарлады.

Кармалган кызматкерлер Убактылуу жайга камалды. Алар 1998-жылы туулган борбор калаанын тургундары С.А., Д.А. жана Туркия жараны, 1995-жылы туулган С.Д.

Журналист соода борборунлагы сакталуу мөонөтү өтүп кеткен товарларды тартып жатканда, соода борборунун кызматкерлери анын видеокамерасын алып коюшкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты