Мектептер окуу китептер менен кандай камсыз болууда?

Мектептер окуу китептер менен кандай камсыз болууда?Бишкекте, кечээ, 17-майда КР Билим берүү  жана илим министрлигинин тегерек залында   «Мектептердин окуу китептер менен камсыз болушу» аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чараны Булан институту  Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөрдү.

Тегерек столго КР ЖК депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин  өкүлдөрү,  Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы коомдук кеӊештин мүчөлөрү, Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА)  өкүлдөрү, мектеп директорлору, агартуучулар, окуучулардын ата-энелери катышты.

Катышуучулар мектептердин окуу китептер менен камсыз болушу жана алардын сапаты, иштеп чыгуудагы жана басып чыгаруудагы көйгөйлөрдү талкуулашты.

Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеӊешинин мүчөсү Алмаз Тажыбай ачып берди.

Андан кийин  Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Билим берүү академиясынын өкүлдөрү баяндамаларын окушту.

Билим берүү жана илим министринин орун басары  Надира Жусупбекова өз баяндамасында мектептердин китеп менен камсыз болуусундагы көйгөйлөрдү чечүүдөгү бир топ жолдорду белгиледи.

Кыргыз Билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомамбетов «Окуу китептердин учурдагы абалы» аттуу баяндамасында окуу китептердин көйгөйлөрүн белгилөө менен бирге алардын чечүү жолдорун сунуштады.

Окуу китептердин көйгөйлөрү булар:

  1. Кол жазмаларды тандап алуу татаал (убакыттын аздыгынан):
  2. Кол жазма түрндөгү начар эмгекти жакшыртып иштөө абдан кыйын:
  3. Апробация процесси жакшыртууну талап кылат:
  4. Авторлорго карата талаптар жок.

Маселелерди чечүү жолдору:

  1. Кол жазмага эмес, окуу китептин (ОУК) концепциясына конкурс жарыялоо
  2. Концепцияда булар болуш керек :
  • Буга чейинки окуу китепти талдоо:
  • Жаӊы окуу китептеринин өзгөчөлүктөрү:
  • Жаӊы окуу китептин өзгөчөлүктөрүн негиздөө. .
  1. Авторлорго карата талаптарды иштеп чыгуу, бирок ал айрым авторлорго карата жазалоо куралы болуп калбашы керек
  2. Автордук укук боюнча ченемдик документтерди жакшыртуу
  3. Атаандаш окуу китептерди чыгарууну колго алуу
  4. Электрондук окуу китептерди иштеп чыгууну колго алуу

№67 мектептин окуучусунун ата-энеси Айымкан Ногойбаева мектептердеги китептердин абалы анчейин деле начар эмес, жетиштүү экендигин айтты.  Бирок алар өтө да жакшы абалда эместигин белгиледи.  Ошондой эле ал китептерге акы төлөө боюнча да өз оюн билдирди. Анын ою боюнча эски китептерди жаӊысы  менен алмаштырып туруу үчүн бир китепке 20 сомдон чогултса болоорун айтты.

Иш-чаранын жыйынтыгында ортого коюлган көйгөйлөр жана сунушталган чечимдер айтылган бойдон калып калбастан, ишке ашырылаарын жана мындан ары ушул сыяктуу иш-чаралар арбын  өткөрүлүп тураары айтылды.

Гүлжамал Абдуназарова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты