Ажыкеев: Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга үрөндүн келиши кечеңдөөдө

  • 2 года мурун

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга үрөндүн келиши кечеңдөөдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-мартта маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстанга буудай, арпа, сафлор, буурчак, семичкенин үрөнү Орусиянын Краснодар крайынан алып келинет.

«Украинадагы соңку кырдаалга байланыштуу темир жолдон биринчи курал-жарактарды өткөрүп, үрөндү кечиктирип өткөрүшүүдө. Ага карабастан үрөндүн жарымын алып келдик. Өзбекстандын темир жолу жабык болгондуктан өлкөнүн түштүк аймагына жеткирүү кыйынга турууда. Бирок министрлик Бишкекке келген үрөндөрдү унаа менен өлкөнүн түштүгүнө ташууда”, — деди Ажыкеев.

Анын айтымында, ӨКМ үрөндөрдү Айыл чарба министрлиги берген тизме боюнча аймактарга ташып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты