CABAR.asia: Кечиктирилген инновация

CABAR.asia: Кечиктирилген инновацияЭксперттердин айтымында, Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан берки убакытта, билим берүүнү колдоого жана реформалоого 300 миллион доллар өлчөмүндө тыштан жардам алган, бирок өлкөнүн элдин сабаттуулугу боюнча  рейтинги  мурдагыдай эле артта калууда.  Кезектеги көп миллиондогон грант орто билим берүүнүн сапатын, болбоду дегенде табигый предметтердин сапатын күчөтүүдөгү негизги мүмкүнчүлүк болуп калууда. 

2016-жылдын башында республика боюнча 30 мектеп окутуунун инновациялык  ыкмаларын колдонуу үчүн тандалып алынган.
«30 инновациялык мектеп» «Билим берүү системасын чыңдоо: билим берүү секторун өнүктүрүү программасы» деп аталган  чоң долбоордун бир бөлүгү болуп эсептелет.   Ага Азия өнүктүрүү банкынан 22 миллион доллар,   ал эми өкмөттөн кошумча  2 миллион доллар   бөлүнөт. Долбоор КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2015-2020-жылдар аралыгында  ишке ашырылат.
Ушул долбоордун алкагында  Билим берүү министрлиги алдыңкы 30 мектептен турган түйүн түзүүнү пландашууда. Ал мектептерде окутуунун инновациялык ыкмалары колдонулат жана  жогорку класстарда табият таануу (химия, физика, биология)  сабактары тереңдетилип окутулат.  Бул тажрыйба ар бир мектептен өзүнө жакын жайгашкан  калган мектептердин мугалимдерине интернет жана билим берүү иш-чаралары  аркылуу жайылтылат. Андан сырткары жаңы окуу куралдарын  жана окутуунун методикалык усулдарын иштеп чыгуу   пландаштырылууда.
Кыргыз Республикасына бөлүнгөн кредиттердин жана гранттардын жумшалышына көзөмөл жүргүзүү боюнча  түзүлгөн жумушчу топ бул долбоордун ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзүшүүдө жана ал топтун мүчөлөрү «30 инновациялык мектеп» долбоорун ишке ашырууда   ачык-айкындык жок экендигин, жасалган иштин сапатсыздыгын айтышып, аткаруу мөөнөтүнөн да бир топ артта калып жаткандыгын айтышууда.
Журналисттер тобу материалдын үстүндө иштеп жатып, көз карандысыз байкоочулардын кээ бир даттануулары чынында эле туура экендигин такташты.
Өлкөнүн 7 облусунан тандалып алынган  30 мектептин 11не кабарчылар барышып, ал жерде билим алып жатышкан окуучулар жана эмгектенген мугалимдер менен окутуунун ыкмалары жөнүндө  пикир алышып, интерактивдик  доскалар кандай колдонулуп жаткандыгын сурашып, ал мектептердин директорлору менен «30 инновациялык мектеп» долбоорунун  жалпы эле багыты жөнүндө маек курушту.

CABAR.asia: Кечиктирилген инновация

Өлкөнүн 7 облусунан тандалып алынган 30 мектептин 11не кабарчылар барып келишти.

Бул багыттын алкагында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  ар бир мектепке үчтөн интерактивдик доска алып беришип,  табият таануу  предметтеринин (химия, физика же биология) бирөөсүнө таандык кабинетти зарыл болгон  эмеректер менен жабдышкан жана алардын ар бирине  ондон жыйырмага чейин компьютерди, отургучтарды алып  беришкен.
Андан сырткары ал жерлерде ремонт иштери жүргүзүлүшү керек эле, бирок ал мектептердин баары эле азырынча ремонт иштери жасалбагандыгын маалымдашкан.
Ушул 11 мектептен бирөөсүнөн башкасында, мугалимдер да, окуучулар да интерактивдик доскаларды толук кандуу колдонуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алышкан жок.

«Мен окуучуларга интерактивдик доскаларды жандырып бере алам, бирок аны колдонууну билбейм, анткени ал доскаларды кантип колдонууну бизге окуткан жок», — дейт  Талас облусундагы «Манас» интернат-лицейинин математика сабагынан берген мугалими  Анара Эсманалиева.
Ушул эле лицейдин химия сабагы боюнча мугалими Саткын Кимбилетова өз ишинде интерактивдик досканы активдүү колдоно тургандыгын айткан, бирок качан андан кандай колдоноорун көрсөтүп берүүсүн сураганда, ал окуучулардын жардамы менен гана аны жандырган жана андан кийин ал болгону жумушчу столду гана көрсөтө алган.
Ал эми кээ бир мектептерде мугалимдер,  интерактивдик доскаларды кантип колдонууну аларга эч ким үйрөтпөгөндүгүн ачык айтышып, билбегендигин мойнуна алышкан. Көпчүлүк мектептерде ал доскалар проектор катары колдонулуп, презентация жасоодо, видеоматериалды көрсөтүүдө же интернетке кирүүдө гана колдонулары белгилүү болгон.
«Качан адистер досканы орнотушканда,  аны кантип колдонуу керектигин да үйрөтүшүн суранганбыз. Мен бул маселени  Бишкек шаарында мугалимдер үчүн өткөрүлгөн тренинг мезгилинде да көтөргөнмүн. Интерактивдик доскаларды колдонууну окуткан атайын окутуучу керек экендигин айтканмын. Биз бул доскалардын негизги функциясын билебиз, бирок анын башка да көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар, ошолордун баарын үйрөнүп, окуучуларды окутууда аларды колдонууну каалайбыз», — дейт Нарын районунун Оттук айылындагы мектептин химия сабагы боюнча мугалими Айнура Малабаева.

Материалдын аягында долбоорду ишке ашырууда ошол 11 мектептин ар биринде кандай көйгөйлөр орун алгандыгы тууралуу кеңири тааныша аласыздар. 

Ошондой эле долбоордун алкагында, 2016-жылдын августунда ар бир мектептен болжол менен 10 мугалим үч күндүк окутууга катышышкан. Ал тренингде сабакты канткенде кызыктуу жана натыйжалуу өткөргөнгө боло тургандыгын, окуучуларды кызыктыруунун ыкмаларын жана алардын билимин объективдүү баалоо жөнүндө айтып беришкен.  Тренер катары жергиликтүү жана Грузияда, Арменияда, Америкада билим берүү тармагында эмгектенген чет мамлекеттик адистер  чакырылган.
Мониторинг жүргүзгөн топтун мүчөсүнүн пикири боюнча, тренингден кийин жаңы ыкмалар мугалимдер тарабынан активдүү колдонулуп,  андан кийин дайыма колдонууга өтүшү керек эле. Бирок мугалимдердин көпчүлүгү үч күндүк тренингдин материалын аз өздөштүрүшкөндүктөн, ал тренингде алган билимдерин балдарга билим берүүдө колдоно албай жатышат.

CABAR.asia: Кечиктирилген инновация

Төлөнбек Абдыров

«Сунушталып жаткан материалдын жаңычылдыгы эмнеде экендиги түшүнүксүз, анткени семинарлардын программаларында көрсөтүлгөн  окуу программаларындагы компетенция маселеси республикада  беш жылдан бери талкууланып жатат», — дейт Кыргыз Республикасына берилген тышкы карыздарга жана жардамдарга мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Төлөнбек Абдыров.
Журналисттер мектептерге барышканда, көпчүлүк мүгалимдер жана мектеп жетекчилиги алган билимдерин өз иштеринде колдонууга аракет кылып жатышкандыгын жана ага карата оң пикирлерин айтышкан.
Бирок окуучулар предметтерди окутууда кандайдыр бир өзгөрүүлөрдүн болгондугун анчалык деле сезишкен эмес.
«Биз инновациялык мектептер жөнүндө укканбыз, эч кандай өзгөрүү деле болгон жок. Биздин мугалимдерибиздин окутуу ыкмаларында өзгөчө өзгөрүүлөрдү деле көргөн жокпуз. Ал эми интерактивдик доскалар кээде  иштейт, кээде иштебейт. Колдонсок айына бир жолу гана колдонобуз», —  дейт  Талас облусундагы «Манас» интернат-лицейинин 11-классынын окуучусу.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим

CABAR.asia: Кечиктирилген инновация

Марат Усеналиев

министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиевдин айтымында,  жаңы ыкма мектептерде жаңыдан гана киргизилип жатат. Окуу жылдын аягына чейин бардык маалыматтарды топтоп, жаңы ыкманы талдайбыз, ал эми кийинки окуу жылында ал ыкмалар системалуу түрдө үзгүлтүксүз киргизилет.
Усеналиев көпчүлүк мугалимдер интерактивдик доскаларды колдонууну өздөрү билбей тургандыгын, ошондуктан жайкы тыныгуу мезгилинде ал доскаларды натыйжалуу колдонуу боюнча окутууларды өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын айтты. Долбоордун алкагында мугалимдер үчүн мындай тренингдер  планда бар экендигин кошумчалады.
«Биз мугалимдердин информатика сабагынан  билимин жогорулатуу керек экендигин тактадык. Айрым аймактарда мугалимдер интернетти колдонууну билишпей тургандыгы бизге жашыруун деле эмес. Ушул жылда 2 миңге жакын мугалимдин информатика сабагы боюнча адистигин жогорулатуу милдетин койгонбуз», — дейт башкармалыктын жетекчиси Усеналиев.

КОНСУЛЬТАЦИЯ БЕРҮҮГӨ 2 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАРАЛГАН
Чет өлкөлүк тренерлерден сырткары, долбоордо эл аралык кеңешчилер да тартылган. Ушул долбоорго мониторинг жүргүзгөн Төлөнбек Абдыров чет элдик эксперттердин эмгегине каралган гонорардын өтө эле чоң суммада экендигине нааразычылыгын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн жумушчу топтун мүчөсү Төлөнбек Абдыровдун жасаган мониторингиндеги маалыматтар.
Билим берүү министрлигинен алган маалыматка ылайык,  Колумбия университетинин Педагогикалык колледжи менен, салыкты эске албаганда, 1 миллион 714 миң 994 долларга келишим түзүлгөн. Келишимдин максаты — билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
Окуу куралдарын ижарага алуу жана алардын фонддук түзүмүн иштеп чыгууга эл аралык адис тартылган жана ага 39 миң 992 АКШ долларын төлөп берүү каралган. Ал эми ошол схеманы ишке киргизүүгө тартылган адиске 123 миң 250 АКШ доллары төлөнүп берилмекчи.
Ошондой эле окуу куралдарын башкаруу боюнча да адис иштемекчи жана ага 114 миң 750 АКШ долларын төлөп берүү каралган.
Ушуну менен катар долбоорго башка компаниялар жана адистер алты пункт боюнча көмөктөшөт. Ал пункттар билим берүүнү, маалымат компаниясынын техникалык-экономикалык негиздерин каржылоо болуп саналат. Ушулардын баарына 2 миллион 065 миң 586 доллар төлөп берүү пландалууда.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН  ЖООБУ
«Билим берүүнү өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун координатору Жылдыз Узбекова, бул бир эле учурда төлөнүүчү төлөм эмес экендигин, ал бүтүндөй долбоордун аткарылышынын түрдүү мөөнөттөрүнө түзүлгөн келишимдин жалпы суммасы экендигин түшүндүрдү.
Анын айтымында, мектептерде окутуунун сапаттуу ыкмаларын иштеп чыгуу жана мугалимдердин адистик тажрыйбасын жогорулатуу үчүн эл аралык тажрыйба жана күчтүү адистер керек.

CABAR.asia: Кечиктирилген инновация

№30 орто мектеби, Базар-Коргон айылы, Жалал-Абад облусу.

«Окуу куралдарынын сапатын жакшыртуу үчүн, эл аралык тажрыйбаларды карап, алардын жакшы жактарын алышыбыз керек. Биздеги окуу куралдарынын сапаты чет мамлекеттеги китептерге караганда бир топ начар экендигин өзүңүздөр деле жакшы билесиздер. Эмне үчүн биздин өзүбүздүн жергиликтүү адистерибиз китептердин сапатын жакшырта алышпайт? Мүмкүн, эл аралык тажрыйбаларды карап, алардын кеңешин угуп көрүшүбүз керектир.  Мунун баары менин же долбоордун кеңешчилеринин ойлоп тапканы эмес, булардын баары долбоордо жазылып, гранттык келишимде бекитилген. Биз болгону  анын аткаруучуларыбыз», — дейт долбоордун координатору.
Ал   долбоорго тартылган эл аралык компаниялар да жергиликтүү көптөгөн адистерди ишке тарта алышарын, ал эми чет элдик жеке кеңешчи катары  болгону 4 адистин кызматын колдонуу каралгандыгын кошумчалады.
Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү  «30 инновациялык мектеп» долбоорунун ишке ашырылышындагы кечигүүлөрдү, долбоор чындыгында 2015-жылдын аягында 2016-жылдын башында гана башталгандыгы менен түшүндүрүшүүдө.  Документ боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен Билим берүү министрлигинин ортосундагы келишимге 2014-жылы кол коюлушу керек эле, ал эми иш жүзүндө 2015-жылдын июль айында күчүнө кирди.  Ошондон кийин гана штат түзүлүп, иш пландар иштелип чыккан.
Билим берүү министрлигинин долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2017-жылдын экинчи жарымында ар кайсы аймактан 30 мектепке ремонт иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.  Учурда ошол тандалып алынган мектептерди изилдеп көрүштү жана май айында ремонт иштерин баштоого тендер жарыялоону пландап жатышат.
Узбекова ремонт иштери долбоордо көрсөтүлгөндөй  табият таануу жана техникалык предметтердин кабинеттеринде гана жасала тургандыгын  айтты.
«Башында айтып коюшум керек,  бул өтө чоң ремонт иштери эмес, мектепке капиталдык ремонт жүргүзүү деген милдет жок. Бир аз ремонт иштерин жүргүзүү деген, илимий класстардын лабораториясына тиешелүү, биз ал класстарды атайын жабдуулар менен камсыздайбыз. Эгер химия, физика сабагынын кабинети болсо, албетте, ал жердеги электр өткөргүчтөрдү алмаштыруу керек, анткени ал жерге коюла турган жаңы жабдыктар электр өткөргүчтөрүндөгү кемчилдиктерден улам күйүп кетпеши керек. Кайсыл класста инновация кылуу пландалып жатса, ошол кабинеттерде ремонт иштери жүрөт. Биздин өзүбүздүн максаттуу группабыз, өзүбүздүн табият таануу жана илимий предметтерибиз бар, негизинен басым ошолорго жасалат», —  деди Узбекова.
2017-жылдын аягы 2018-жылдын башына карай ремонт иштери бүтөрү менен ошол кабинеттерге лабораториялык эксперименттерге зарыл болгон жабдуулар жана техникалар коюлат.
Жыйынтыгында, бир нече жылдан кийин Билим берүү министрлиги табият таануу сабактары тереңдетилип окутулган, мектептик  жана технологиялык инновациялык ыкманы мыкты айкалыштырган алдыңкы 30 мектептин билим берүү багытында өз ара байланышын түзүп, андан ары ал мектептердин тажрыйбаларын бүтүндөй жети облустун мектептерине жайылтууну пландаштырууда.CABAR.asia: Кечиктирилген инновация
«Учурда булар таяныч болчу мектептер, ошондуктан ал мектептерге жаңы окуу программалары, предметтик стандарттар, методикалык жыйнак,  негизги окутуу планын жаңы стандарттарын киргизүү бекитилген», — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев.
Бирок жыл сайын улгайып бара жаткан мугалимдердин ишинде жаңы ыкмалардын колдонулушу үчүн Билим берүү министрлиги көп иштерди жасашы керек.
«Бизде совет мезгилинде билим алып, иштеп калган мугалимдердин көпчүлүгү жашы улгайып калган. Алардын арасында жаңы ыкмаларды  пайдасы жок батыштын ыкмалары деп анча жактырбагандары да бар», — дейт Баткендеги гимназия-мектепин директору Уларбек Арапов.
30 инновациялык мектеп 2020-жылга чейин толугу менен даяр болот.

МЕКТЕПТЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Билим берүү министрлигинин долбоорунун алкагында 30 мектеп (Чүй облусунан 5 мектеп, Ысык-Көл облусунун төрт районунан 4 мектеп, Нарын облусунун үч районунан 3 мектеп, Ош облусунун алты  районунан 6 мектеп, Жалал-Абад облусунун  беш районунан 5 мектеп, Баткен облусунун үч районунан 3 мектеп тандалып алынган). Журналисттер ар бир облустан бирден мектепке барып келишти.

НАРЫН ОБЛУСУ
Казан куйган айылдык округуна караштуу Оттук айылындагы орто мектепте 549 окуучу окуйт. Мугалимдердин айтымында, «Инновациялык мектептер» долбооруна кошулгандан тарта билим берүү сапаты бир топ жакшырган. Учурда мугалимдер интерактивдик досканы толук кандуу колдоно албай жатышкандыгын айтып даттанышууда.
“Качан адистер досканы орнотушканда, биз аларга бул кантип колдонулаарын бизге окуткула деп айтканбыз. Мен бул маселени Бишкекте мугалимдер үчүн өткөрүлгөн тренинг учурунда  айтканмын. Бизге бул интерактивдик доскалар боюнча өзүнчө окутуулар керек. Биз анын негизги функцияларын билебиз, бирок анын андан башка да көп мүмкүнчүлүктөрү бар, ошол мүмкүнчүлүктөрдүн баарын балдарга сабак өтүп жатканда толук колдонгубуз келет. Анткени интерактивдик доскаларды колдоно баштагандан тарта окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу күчөгөндүгү байкалды», — дейт химия сабагынан мугалим Айнура Малабаева.

Талас облусу
Тизмеге Талас жана Кара-Буура райондорунун административдик борбору болгон Манас, Кызыл-Адыр айылдарынын мектептери киргизилди. Журналисттер эки айылда тең болуп кайтышты.
Талас районундагы «Манас» лицей-интернатынын директорунун айтымында, мугалимдер тренингдерде алган билимдерин жана интерактивдик доскаларды, компьютерлерди сабак берүүдө мыкты колдонуп жатышкандыгын маалымдады. Качан гана журналисттер мугалимдерди доскаларды колдонуп, сабак өтүп берүүнү суранышканда айрымдары аны колдоно албай тургандыктарын моюндарына алышса, айрымдары окуучулардын жардамы менен араң колдонуунун жолдорун айтып беришти.
«Мен сабак өткөндө окуучулардын интерактивдик доска менен иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берем, бирок өзүм анда кантип иштөөнү билбейм. Бизди ага үйрөткөн эмес», — дейт математика сабагынан берген мугалим Анара Эсманалиева.
Ал эми химия сабагынан берген мугалим Саткын Кимбилетова болсо дайыма сабактарын досканы колдонуп өтөөрүн айтты эле, биз ага досканы колдонуп берүүнү өтүнсөк, ал окуучулардын жардамы менен араң досканы жандырып, жумушчу столун араң ачып көрсөтө алды.
Бирок «Манас» мектебинин директору Жаныш Жанузаков болсо интерактивдүү доскалар биология, химия, физика жана математика сабактарында дайыма активдүү колдонула тургандыгын ишенимдүү айтты.
«Долбоордун алкагында бизге досканы алып келишип, аны орнотушуп, ал тургай аны кантип колдонууну үйрөтүп берип кетишкен. Андыктан дээрлик бардык класстар колдонушат”,- деген пикирин билдирди Жанузаков.
Ошол эле мезгилде окуучулардын өздөрү болсо, алардын мектебин республикадагы инновациялык отуз мектептин катарына киргизгенден тартып олуттуу деле өзгөрүү болбогондугун айтышат.
«Биз инновациялык мектептердин катарына киргизилгенибизди укканбыз, бирок андан бери көп деле өзгөрүү болгон жок. Мугалимдердин сабак берүү ыкмасында жаңылыктар деле киргизилген жок. Интерактивдүү доскалар кээде иштейт, кээде иштебейт. Бир айда бир жолу эле колдонобуз», — деди атын ачык атабаган окуучу.

Ысык-Көл облусу
Мамакеев атындагы мектеп-гимназия Ак-Суу
районундагы Теплоключенка айылында жайгашкан.
Мугалимдер жаңы технологияны үйрөтүү боюнча үч күндүк окутуу жалпысынан айтканда түшүнүктүү, бирок жетишээрлик болгон эмес. Алар үйлөрүнө келишкенден кийин берилген материалдардын негизинде өздөрү көп нерсени кошумча үйрөнүшкөн.
Айрым мугалимдер көпчүлүк учурда чындыгында эле окутуунун жаңы ыкмаларын колдонушпай эле эски ыкмалар менен сабак өтүшө тургандыгын мойнуна алышты.
Ал эми жогорку класстын окуучулары чындыгында эле соңку жылдары сабактарды жаңы ыкмалар менен өтүүгө аябай көңүл бурулуп, көптөгөн жаңылыктар киргендигин айтып беришти.
«Биздин мектеп инновациялык мектептердин тизмесине киргизилгенден кийин компьютерлердин саны көбөйдү. Интернет менен көп колдоно баштадык. Мурда сабак өтүүдө ар кандай сүрөттөрдү колдоно турган болсок, азыр интернеттен көп нерсени үйрөнө баштадык», — дейт 11-класстын окуучусу Нуралы Асылбеков. Ошондой эле ал интерактивдүү доскалар физика, химия, география, астрономия сабактарынан колдонула тургандыгын кошумчалады.
«Мурда биз китептерден эле маалымат ала алчу элек. Азыр болсо бул досканы колдонуу менен сабактарды кызыктуу өтө баштадык. Мисалы, география сабагынан Африканы өтө турган болсок, доска аркылуу бул материк тууралуу видеотасманы көрөбүз”, — дейт 8-класстын окуучусу Нуриза Калыбекова.

Түп районунун Талды-Суу айлындагы №10  орто мектеп
Мектептин администрациясы интернеттин жоктугунан жаңы технологияны колдоно албай жаткандыгын айтып берди. Мындан сырткары мектепте жаңы үлгүдөгү 25 компьютер бар экендигине карабай, жашы улгайган мугалимдер аны өздөштүрө албай келишет. «Мугалимдер интерактивдүү досканы колдонуп жатышкандыгын айтып калышат. Ачык айтсам мен колдоно элекмин. Бул доскаларды биз окуучулардын жардамы менен колдонобуз», — дейт Анархан Өмүрбекова аттуу мугалим.
Ал эми окуучулар болсо бир добуштан мындай доскаларды колдонуу менен сабак өтүү абдан кызыктуу болот деген ойлору менен бөлүштү.

Баткен облусу
Баткен шаарындагы облустук мектеп гимназиясы
Аталган мектептин директору Уларбек Арапов мектепCABAR.asia: Кечиктирилген инновация мугалимдери атайын окуудан өтүшкөндүгүнө карабай, жаңы технологиялык жабдууларды бүгүнкү күнгө чейин колдонууга шашылышпай жаткандыгын ачык эле мойнуна алды.
«Анткени биздин мектепте жашы улгайып калган мугалимдер басымдуулук кылат. Алар билимди жана иш тажрыйбасын совет мезгилинде алышкандар. Ал тургай алардын айрымдары жаңы ыкмаларды батыш өлкөлөрү тарабынан сунуш кылынган пайдасы аз ыкма катары көрүшөт», — дейт Уларбек Арапов.
Мындан сырткары Уларбек Арапов аталган долбоорго катышпаганда деле анын мектебинде мыкты мугалимдер көп болгондуктан башка мектептерден талаптын күчтүүлүгү, билим берүүнүн сапаты менен айырмаланып турчу.
Журналисттер мектеп мугалимдери менен баарлашкан учурда алар интерактивдүү доскаларды көп колдонушпагандыгын, бирок айрым бир ачык сабактарда, күн мурунтадан даярдалган сабактарды өтүүдө гана колдонуша тургандыгын айтып беришкен.

 ОШ ОБЛУСУ
CABAR.asia: Кечиктирилген инновацияАраван районундагы С. Шарипов атындагы орто мектеп
«Биз көп сабактарда интерактивдүү доска колдонобуз, ага жазабыз, чиебиз, сүрөт тартабыз, эсеп чыгарабыз”,- дейт мектептин окуучусу Мухаммедмуса Камилов.
Директор Махаммаджан Мурабдуллаевдин айтуусу боюнча, окуучулардын үчтөн бири гана бул досканы пайдалана алышат, доска 10-11-класстардагы сабактарда колдонулат.
Мугалимдер информатика кабинетинде гана интернет бар экенин айтышты.
“Калган класстарды биз интернетке кошкон жокпуз, анткени ар кандай сайттар болгондуктан, биз алардын жүрүм-турумунун начарлап кетишин каалаган жокпуз, — деп түшүндүрдү окуу иштери боюнча башчы Акбаралы Абдырахманов.  – Компьютердик класста окуучулар интернетти лаборанттын көзөмөлү астында гана пайдалана алышат”.

Кара-Суу району, Мады айылы, №87 мектеп-гимназиясы
Бул мектеп интерактивдүү досканы төрт жылдан бери колдонуп келет. Мектеп директору Алтымыш Топчубаев мугалимдердин баары эле интерактивдүү досканы колдоно албастыгын мойнуна алат, бирок мүмкүнчүлүккө жараша сабактардын жарымында досканы пайдаланууга  аракет кылышат.
“Мугалимдер негизинен материалды интернеттен чогултуп алып, презентацияларда проектор катары бул доскадан көрсөтүшөт”, — деп айтты информатика мугалими Бакты Тенизбаева.

Өзгөн районундагы Шоро айылындагы Тагай Асанов атындагы орто мектеп.
Мугалимдердин айтуусу боюнча, интерактивдүү доскалар көбүнчө химия, биология, география
жана информатика сабактарында колдонулат.
“Биз бул доскалардын жардамы менен көп нерсени үйрөндүк, -дейт ушул мектептин окуучусу Өзгөнбай кызы Диана. – Мисалы, биз ар кандай эсеп чыгарып, кластер жасап ойнойбуз”.

ЧҮЙ ОБЛУСУ
Ново-Николаевка мектеп-гимназиясында (Ново-Николаевка айылы, Жайыл району) 2018 окуучу кыргыз жана орус класстарында окуйт.
Гимназиянын директору Тамара Шадыканованын айтуусунда, аларга үч интерактивдүү досканы алып келип гана беришкен, бирок аларды мектептин эсебинен орнотууга туура келген. Эки досканы орнотуп жана иштегенге даярдаш үчүн мастерлерди Бишкектен чакыртып, 15 миң сом төлөшкөн, ал эми үчүнчүсүн өздөрү орнотушкан.
Кийинчерээк ошол сыяктуу эле бир досканы жергиликтүү айыл өмөтүнөн белекке алышкан, алардын мастерлери өздөрү келип орнотуп беришкен.
Окуучулардын өздөрүнүн айтуусу боюнча интерактивдүү доскалар так сабактарда активдүү колдонулат.
“Бизге интерактивдүү доска менен иштеген жагат, дагы мындай доска көп сабактарда колдонулса жакшы болот эле, — дейт Ново-Николаевка гимназиясынын окуучусу. –Физика сабагында дээрлик ар бир сабак интерактивдүү досканын жардамы менен өтөт, биз анда маселелерди жана эсептерди чыгарабыз”.
Мугалимдер интерактивдүү доска менен окуучуларга окшоп анчалык ишенимдүү иштей алышпаганын моюнга алып, эң ириде окуучулардын өздөрү интерактивдүү досканы жакшы өздөштүрүп, аны сабактарда колдонуп жатканына кубана тургандарын билдиришти.

Петровкадагы  гимназия мектеби ( Петровка айылы, Москва району)
Комплекс-гимназиянын директору Светлана Головко башынан эле интерактивдүү доскалар алардын мектебинде ар күнү колдонуларын айтып келген. Бирок  журналисттер ал мектепке барганда бир да мугалим ал досканы колдонуп сабак өткөн эмес.
Интерактивдик досканын үчөө тең интернет байланышы блбогон класстарга орнотулган. Ошондуктан мугалимдер күн мурунтан өз материалдарын даярдап, аны атайын USB эскиз түзмөгүнө (флешкаларга) сактап, ал эми интерактивдик доскаларды проектор катары  колдонушат.

Мектепте окутуу эки тилде жүрөт (28 класс орус тилинде, 15 класс кыргыз тилинде). Кыргыз класстарында сабак беришкен мугалимдер да интерактивдүү доскаларды  кыргыз класстарында колдонууну катуу каалашкандыгын билдиришти.

ЖАЛАЛ-АБАД  ОБЛУСУ

№30 орто мектеп (Базар-Коргон айылы)
Мугалимдердин айтымында, интерактивдик доскаларды колдонууда аларда эч кандай кыйынчылыктар жаралган жок.
Математика сабагынан мугалим Жылдыз Кулбаева март айынын аягында жергиликтүү жана чет элдик адистер өткөргөн семинарга катышып келгендигин, ал жерде сабакта окуучулардын билимин жана жөндөмдүүлүгүн туура баалоо боюнча окугандыгын айтты.
“Семинарда бизди окуучулардын баарына бирдей мамиле кылуу керектигине, алардын жөндөмдүүлүгүнө жана сабакка болгон мамилесине көңүл буруу зарылдыгына окутту. Интерактивдик доскалар бизге чоң жардам берүүдө. Биз анда маселелерди чечип, сабакта колдонуп жатабыз. Бул окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун ойготуп, өтүлгөн материалды өздөштүрүүгө жардам берүүдө», — дейт Жылдыз Кулбаева.

CABAR.asia: Кечиктирилген инновацияБул материал  IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросуна мүчө журналисттер тобу тарабынан даярдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты