Кыргызстан сом менен рублдин курсун долларга карап аныктоого өттү

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев “Орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөртүү жөнүндө” токтомго кол койду. Бул тууралуу банктын расмий сайтында айтылат.

Ага ылайык, сом менен рублдин курсу мындан ары кросс-курс ыкмасында аныкталат. Бир валюта менен экинчи валютанын катышы үчүнчү валютанын негизинде чечилген ыкма кросс-курс деп аталат. Улуттук банк рубль менен доллардын курсун мындан ары “Блумберг” жана “Рейтерс” маалымат агенттигиндеги курска карап аныктайт.

Улуттук банктын 2013-жылы кабыл алынган токтомунун 22-пунктунда сом менен рублдин курсу Москва банктар аралык валюталык биржасындагы баалардын негизинде аныкталары көрсөтүлгөн. Жаңы токтомдо бул пункт убактылуу күчүн жоготту.

Орусиядагы валюталык олку-солкулуктун фонунда чет элдик валюталардын сомго карата курсу дагы жогорулады. Февралда 1 доллар 85 сом турса, ушул күндөрү 103-106 сомго чейин чыкты. Мунун алдын алуу үчүн Кыргызстандын Улуттук банкы 60 миллион доллардан ашык каражатты сатыкка чыгарды жана долларды өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салды.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнүн Улуттук банкы сомдун курсу эркин калкуу принциби менен аныкталарын, ал суроо-талаптын негизинде өйдө-төмөн болуп турарын билдирип келет. Каржы көзөмөл мекемеси ага карабай чет элдик валюта тартыш болгон сайын долларды сатыкка чыгарып турат жана сомдун курсун рубль менен бирдей кармоого аракет кылганы байкалат. Рубль күчүн жоготкон сайын сом да күчүн жоготкону ушуну менен түшүндүрүлөт. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты