Депутаттык комиссиянын маалыматы боюнча токтом кабыл алынды

Депутаттык комиссиянын маалыматы боюнча токтом кабыл алындыБүгүн, 17-майда, Жогорку Кеӊештин жыйынында Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар насыянын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы боюнча токтом кабыл алынды.

Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды. Анда депутаттык комиссиянын корутундусундагы маалыматтарга КР Эсеп палатасы аудит жүргүзүү, корутундудагы маалыматтарды укук коргоо органдарына иликтөөгө берүү, долбоорду ишке ашырууда уурдалган каражаттарды ордуна келтирүү жана башка маселелер камтылган.

Депутат Акылбек Жапаров бул маселе 1-сентябрга чейин сотко өткөрүлбөсө элдин бийликке болгон ишеними төмөндөөрүн эскертти.

Ал эми Чыныбай Турсунбеков “Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо тендер өткөрүлбөй Кыргызстандын мыйзамдарынын бузулушуна жеке кызыкчылыктар болгонбу же жалпы кызыкчылыкпы – ушул жагдайды укук коргоо органдары иликтеп, ачыкка чыгарышы керек” деди.

Мыктыбек Абдылдаев каралып жаткан депутаттык комиссиянын корутундусу менен Жогорку Кеңештин талкуусунун жыйынтыгын (токтом түрүндө) КР Президентине жөнөтүүнү, ал жерде бул маселе Коопсуздук кеңешинин талкуусуна коюлушун сунуш кылды.

Ошону менен катар М.Абдылдаевдин экинчи сунушу акыркы 10 жылда сырттан алынган насыяларды текшерип чыгуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүү болду.

Парламенттин тармактык комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев өз маалында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча түзүлгөн келишим боюнча тармактык комитеттин сын-пикирлери эске алынбагандыгын эске салып, бул маселеге Кытай тарапты дагы маалымдап, ар тараптуу иликтөө менен чекит коюу зарылдыгын айтты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты