Илгерки Клара Кабилова, азыркы Гүлнара-Клара Самат ЖК депутаты болуп барды

Илгерки Клара Кабилова, азыркы Гүлнара-Клара Самат ЖК депутаты болуп барды«Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Гүлнара-Клара Самат Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Гүлнара-Клара Самат аттуу жаңы ысымдуу саясатчы, аты-жөнүн өзгөртүп алган мурдагы БШК төрайымы Клара Саматовна Кабилова. Ал кезинде Максим Бакиев коркутуп жатат деп өлкөдөн качып кетип, кийин кайтып келген.

Гүлнара-Клара-Самат соттолгонуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Аида Салянованын ордуна келди.

Турмушта ар кандай кызыктар көп болот эмеспи. Айта кетсек, 2007-жылдагы Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо Клара Кабилова БШК төрайымы болуп турган кезинде “Ата Мекен” партиясын шайлоодон өткөрбөй коюуга салым кошсо, бүгүнкү күндө ошол эле “Ата Мекен” партиясынын атынан Жогорку Кеңеш депутаты болуп олтурганы таң калтырбай койбойт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты