Ташкентке—велосипед менен

Ташкентке—велосипед менен

Эртең, 18-майда, Бишкектен Ташкентке чейин “Достук” велосипед жүрүшү башталат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда уюштурула турган “Достук” веложүрүшү 18-майда саат 15:30 да Бишкектеги “Ала-Тоо”  кинотеатрынын  аянтынан  башталат.

Веложүрүш “Бишкек-Ош-Анжиян-Кокон-Бухара-Самарканд-Жизак-Манас-Ташкент-Бишкек” маршруту боюнча уюштурулат.

Веложүрүш Ташкент шаарынын башкы почтасы бөлүмүнүн  имаратынын аймагында аяктайт.

Веложүрүшкө Ош облусунун Чоң-Алай  районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну, эмгектин жана  спорттун ардагери   Мамыт Таштанов да катышат.

 

Аталган иш -чара  КР  маданият, маалымат жана туризм министрилигинин алдындагы туризм департаменти тарабынан уюштурулууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты