Сооронбай Жээнбеков Орозонун башталышы менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Орозонун башталышы менен куттуктадыБүгүн, 17-майдан Орозо айы башталды. Буга байланыштуу мамлекет башчы кыргызстандыктарды куттуктады.

“Сиздерди Жараткандын куту төгүлгөн, руханий тазалануунун, тынчтыктын жана кечиримдүүлүктүн айы болгон ыйык Орозо айынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айында береке жаап, коомдогу жана үй-бүлөдөгү ынтымак бекемделет. Момун мусулмандар жаман сөздөн алыс болуп, муктаждарга садага берип, тууганчылык, достук мамиле артып, соопчулук  иштер арбын жасалат. Жан дүйнөбүз арууланып, таза ниетибиз менен адал иштерди аткарып, бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулабыз” деди президент.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты