Акылбек Жапаровдун жардамчысы камалды

Акылбек Жапаровдун жардамчысы камалдыЖогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун жардамчысы коррупция боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынды. Бул тууралуу депутат:

— Менин бир жардамчым азыр Токмок шаарынын мэри болду. Бири парламентке депутат болуп келди. Жардамчылардын баарын мыйзам бузбоого, сыйлоого үйрөтүп жүрөм. Бир жардамчым боюнча кылмыш иш козголду. Далилдерин карап көрөбүз. Бүгүнкү күндө ал камакта, — деди.

Кыргызстандын экономикасына 800 миллион сомдон ашуун зыян келтирген кызмат адамдарынан турган коррупциялык түйүн аныкталганын быйыл 20-мартта Башкы прокуратура кабарлаган. Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча өкмөткө караштуу комиссия 2016-2018-жылдары жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барган деп шектелип жатканы, бул аралыкта мамлекетке 847 миллион сомдук зыян келтирилгени айтылган.

Козголгон кылмыш иш иликтөө жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилген.

Буга чейин айрым маалымат булактары Жапаровдун Алмаз Сагынбеков аттуу жардамчысы кармалганын бейрасмий маалымдашкан болчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты