Айпери Сыдыкова, ырчы: “Өзүмдү абдан аяган адаммын»

“Чын эле унуттуңбу?”, “Апакай куу”,   “Элегия” ж.б. ырларды ырдаган Айпери Сыдыкова бизде мейманда.  “Кыз бурак” тобунда жүрүп, өз алдынча канат күүлөп кеткени угармандарына жакшы белгилүү. Жакында Бегимай Карабаева  менен бирге “Ламбада” аттуу ырды ырдап чыкты. “Өзүн аяп, алдын-ала укмуш план” түзбөгөн ырчы кызыбыздын турмушуна биз менен бирге назар салыңыздар.  

Айпери Сыдыкова, ырчы: “Өзүмдү абдан аяган адаммын»—Айпери, айтсаңыз, чыгармачылыкка кандайча келип калдыңыз эле?
—Кичинемде ар кайсы кесиптин ээси болгум келе берчү, бир күнү юрист, бир күнү котормочу, бир күнү ырчы, бийчи, айтор, кимди көрсөм, ошого кызыга берчүмүн. Бирок ыр-бийге болгон кызыгуум күчтүүрөөк болгондуктан, ырчылыкты тандадым.Чыгармачылыкка бий аркылуу келгем. 3-4-класста бийге катышып жүрүп таштап койгом.  7-8-класстан баштап бийге кызыгуум күчөп, Оштогу филармониянын «Адеми» бий тобунда бийлеп жүрдүм. Анан «Кыз-Бурактын» кастингине катышып, өтүп кеттим. Ошентип, 17 жашымдан ырдай баштагам.

—Жолдошуңуз менен кандайча таанышып калгансыз?
—Ал учурда фейсбук, инстаграммдын ордуна мэйл агент популярдуу эле. Биз ошол жактан таанышып калганбыз. Көп кишилер достук жиберип, кат жазышчу. Ошолордун бири деп ойлогом, бирок фамилиясы окшош болуп, сүрөтүн карасам, бою кичинекей, арык баладай көрүндү. Анан боорум ооруганынан жооп берип койгом (күлүп). Кийин телефон номеримди сураганынан бербей жүрүп анан бергем. Биринчи жолукканда аны көрүп оозум ачылып калган (күлүп), себеби мен элестеткендей эмес, бой десе бою бар, келишимдүү жигит экен.
Азыр бала-чакалуу болуп калдык, уулубуз 6 жашта, кызыбыз эки жашка чыгат.

—Жеке ырчы катары сахнага чыкканыңызда кыйынчылыктар болдубу?
—Кыйынчылыктар болду, мурункудай даяр нерсе жок, бардыгын өзүң жасап, чуркашың керек. Бир нерсе жасайын десең, ар ким ар түрдүү кеңештерин берип, башынды айлантып салышат. Кимди угарыңды билбей каласың.

—Кайын энеңиз менен кандай мамиледесиз? Пикир келишпестиктер болобу?
—Турмушка чыккан жети жыл ичинде экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестиктер болгон жок. Жолдошумдагы бардык жакшы сапаттар кайын энемден өткөн болуш керек. Үйдө өзүмдү эркин алып жүрөм. Мурун кыздар турмушка чыккандан кийин кайненеси менен урушуп, аларды жамандаса, мен дагы турмушка чыкканда ушундай кайненеге туш болом го дечүмүн. Ал эми жакшы жашап жаткан келиндерди көрүп, мындай турмушта жолун тапкан адамдар аз болушу керек дечүмүн. Кудайга шүгүр, мен да ошол жолдуу адамдардын катарындамын.

—Кандай келин, кандай жубай, кандай энесиз?
—Аны өзүм айта албайм. Бардык адамдарга жагуу кыйын, бирине жакшы болсом, бирине жаман болушум мүмкүн. Ал эми жаман жар болбогонум үчүн жолдошум жакшы көрүп, мени менен жашап жүрсө керек (күлүп). Жолдошум чыгармачылыгымды колдойт. Бирок өзүнүн жумушу менен алек. Чыгармачылыгыңды токтотуп тур деп айткан жок, балдарымды көбүрөөк ойлонуп,  мен өзүм тыныгуу кылып жаттым.

—Социалдык тармактарда активдүүсүз, башка ырчылар сыяктуу инстаграмм аркылуу каражат табасызбы?Айпери Сыдыкова, ырчы: “Өзүмдү абдан аяган адаммын»
—Активдүү болгонум менен, ал жактан акча табуу тууралуу сунуштарга көңүл бурбайм. Өткөн жылы биринчи баракчамды өчүрүп койгом. Кийин ал баракчамды бирөөгө белек кылып койбой деп калдым. Бир жылдан кийин кайра ачкан баракчама киши топтоп, сиңдиме берип койдум. Эми үчүнчү баракча ачып,өзүм колдонууну чечтим. Инстаграммдан бир нерсе жагып, барганымда алар баасын түшүрөт же кошумча бир нерсе белек кылып коюшат.
Сулуулук салондору кирпик өстүрүү ж.б. кызматтарды сунушташканда барчу  эмесмин. Анткени жарнамалап берүүмдү суранып жатышса, демек, тажрыйбасы аз же жаңы ачылып жатат го деп ойлочумун. Кээде баруудан зериккен учурларым да болгон. Кээ бир тажрыйбалуу сулуулук салондору жарнамалоо үчүн эмес, жөн гана кызмат көрсөтүшкөн учурлар болот. Кээде жардам сурап кайрылгандардын жарнамаларын бир нерсе талап кылбай эле киргизип коем.  Сулуулук кызматтарын көбүнчө өзүм акча төлөп эле колдоном.

—Ырчылыктан тышкары кандай талантыңыз бар?
—Кээде ырлардын сөзүн жазып койгонум болбосо, ырчылыктан тышкары талантым бар деп айта албайм. Репертуарымдагы кээ бир ырлардын, эки-үч  ырчы кыздардын ырларынын текстин жазып бергем. Андан сырткары кийим тигүүгө шыгым бар. Бирок эргүү келгенде гана тикпесем, өзүмдү кыйнабайм.  Негизи бир нерсеге кызыксам, ошону интернеттен  болсо да үйрөнүп алам.

—Сизге карата айтылган сындарга кандай карайсыз?
—Туура кабыл алам. Бирок ал сын көпчүлүктүн көзүнчө же артыңдан эмес, өзүмө айтылыш керек. Ар бир кемчилик, сын ар бир адамдын бетине айтылбаса сын катары кабыл албайм. Көпчүлүктүн алдында айтылган сын басмырлоо, артыңдан айтылган сынды көрө албастык деп эсептейм.

—Кандай пландарыңыз бар?
—Өзүмдү абдан аяган адаммын (күлүп), ошондуктан укмуш пландарды түзбөйм. Ар бир нерсе өз учуру менен, агымга жараша болушун каалайм.

Маектешкен Гүлшайыр Сабырбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты