Жогорку Кеӊеш ЖЭБдеги авария боюнча депутаттык комиссиянын маалыматын угууну улантууда

Жогорку Кеӊеш ЖЭБдеги авария боюнча депутаттык комиссиянын маалыматын угууну улантууда

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 16-майда өтүп жаткан жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жүрүшүн, ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматын угуу жол-жоболору улантылды.

Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышууда.

Эске салсак, өткөн жыйында депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов 2018-жылдын 2-февралында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, анын кесепетин жоюу чаралары 3-5 күнгө чейин созулганын, анын аркасы менен өлкөнүн энергетика тармагында орун алган кемчиликтер ачыкка чыкканын белгилеген. «Авария Бишкек ЖЭБдин реконструкцияланбаган жагында болду. 2017-жылы оӊдоо иштерине 408 млн сом каралганына карабастан, ал жерде оӊдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Каражаттын кайда жумшалганын тиешелүү органдар кылдат текшерүү жүргүзүшү керек», — деген ал.

Андан тышкары, депутаттык комиссиянын корутундусунда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, өлкөнүн энергетикалык тармагындагы негизги оъектилердин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте оӊдоо, гидроэнергетикалык жана жылуулук- механикалык жабдууларды оӊдоо филиалын түзүү, «Электр станциялары» ишканасында кошумча башкы директордун техникалык орун басары кызмат ордун ачуу боюнча сунуштамалар берилген.

Андан тышкары, депутаттык комиссиянын иликтөө корутундусу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына, Эсептөө палатасына жөнөтүлүп, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланылышы текшерилмекчи.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында курамы 12 депутаттан турган комиссия түзүлгөн: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика — Ата Журт»), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан»), Исхак Масалиев («Өнүгүү – Прогресс»), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол»), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»).

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты