Мугалимдердин айлыгын эсептөөнүн жаңы ыкмасы жыйынтык берген жок (ИНФОГРАФИКА)

Мугалимдердин айлыгын эсептөөнүн жаңы ыкмасы жыйынтык берген жок (ИНФОГРАФИКА)

Кыргызстанда 2011-жылы киргизилген мугалимдердин айлык-акысын эсептөөнүн жаңы ыкмасы оң жыйынтыктарды берген жок. Бул тууралуу Булан институтунун “Кыргызстандагы мугалимдердин социалдык абалы” аттуу докладында айтылат.

Маалыматка караганда, мектептерде кадрлардын жетишсиздиги жоюлуп келе жатат, бирок, аз сабак менен мугалимдерди жумушка алуу башка педагогдордун айлык-акысынын кыскарышына алып келди. Ошол эле учурда мугалимдердин эмгек акысын каржылоо үчүн мамлекеттик бюджеттен кеткен каражаттын суммасы 2017-жылы 14441,6 млн сомду түзүп, бул көрсөткүч беш жыл мурдагыга караганда 3,7 эсеге өскөн.

Инфографика

Мугалимдердин айлыгын эсептөөнүн жаңы ыкмасы жыйынтык берген жок (ИНФОГРАФИКА)

Сабактардын саатын эсептөө менен айлык эсептөө ыкмасы сапатсыз педагогикалык билимге ээ жана стажы жок үйдө отургандардын жана сырттан окуп бүткөндөрдүн жумушка орношуусуна шарт түздү. Жаңы ыкма айлык фондун мурдагыга караганда алда канча көп мугалимге бөлүнө турган болуп калды.

Инфографика

Мугалимдердин айлыгын эсептөөнүн жаңы ыкмасы жыйынтык берген жок (ИНФОГРАФИКА)

Учурда мугалимдердин айлык акысы кесиптик тажрыйбасына жараша болот. Аны менен катар бийик тоолуу аймакта жашаган мугалимдер көбүрөөк айлык алышат. Мисалы, Жумгал районунда бийик тоолуу район болгону үчүн айлыкка 50% кошулуп төлөнөт. Башка аймактарда 20%, 45% кошумчалар төлөнөт. Кадамжай районунда болсо, эгер ал мектеп бийик тоолуу аймакка кирсе орточо айлык акы 10200 сомду түзөт, бийик тоолуу аймакка кирбесе 7000 сомду түзөт. Мугалимдик тажрыйбасы жок же тажрыйбасы аз мугалимдер азыраак акы алышат. Беш жылдан ашык тажрыйбасы бар мугалимдер 10%, 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар мугалимдер 20%, 15 жылдан ашык тажрыйбасы бар мугалимдер 30% кошумча төлөм алышат.

Инфографика

Мугалимдердин айлыгын эсептөөнүн жаңы ыкмасы жыйынтык берген жок (ИНФОГРАФИКА)

Дилбар Алимова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты