Туруктуу элдик кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда

Туруктуу элдик кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылуудаТуруктуу элдик кеңеш 14-майда Бишкекте жыйын өткөрдү. Бул тууралуу кеңештин төрагасы, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров  билдирди. Анын айтымында, жыйында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү тууралуу талаптар айтылды.

Негизинен, үч сунуш — Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өзгөртүү, сот системасын жакшыртуу маселесин Конституцияга киргизүү боюнча аракет кылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

— «Биринчиси — парламентти 120 эмес, 60 депутатка кыскартуу. Бир мандаттуу шайлоо округунан партия эмес, депутат шайлансын. Экинчиси — президенттин, Жогорку Кеңештин жыл сайын аткарган иштери боюнча отчету элдик курултайда жыл сайын угулсун. Үчүнчүсү — жергиликтүү соттордун судьяларын жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайласын» деген талаптарды Баш мыйзамга киргизүү боюнча демилгечи топ түзүлдү.

Былтыр апрелде Бишкекте өздөрүн «Улуттук мекенчил күчтөр» деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган бир топ саясатчылар кирген.

Ал эми Конституция акыркы жолу 2016-жылы 11-декабрда өткөн референдум аркылуу өзгөртүлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты