Кулматовдун иштен кетиши саясатка байланыштуу

Кулматовдун иштен кетиши саясатка байланыштууМамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов кызматтан кетиши боюнча түшүндүрмө берди. Ал муну саясатка байланыштырып, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешеси жок экенин айтты.

— Кызматтан кетерим менен УКМКга суракка чакырылганымдын тиешеси жок. Бул жерде кичине саясатка кирип кеттик. «Калыс-Ордодогу мектеп» деп жазып жатышат. Буга эч байланыштуу эмес.

14-майда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз ыктыяры менен кеткен Кулматов азырынча эч жакка кызматка барбай турганын билдирди.

Кубанычбек Кулматов 11-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган. Кийин Бишкек мэри болуп иштеп турган кезде TBEA компаниясы мектеп курулушу үчүн берген гранттык каражатты кымырууга байланыштуу сурак бергени белгилүү болгон.

2014-жылы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого 386 млн. доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы бул суммадан сырткары 2 млн. доллар грантка мектеп салып бермек болгон. Ага Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча куруу жагы чечилген. Кийин ал 750 орунга, андан кийин 660 орунга чейин кыскарган.

Кытай компаниясы бөлүп берген акча менен курулуш иштерин баштаган эки компаниянын иштери экспертизадан өтпөй калып, иш эки жолу токтоп калган. Кийин курулуш үчүнчү ишканага — «Айкөл курулуш» компаниясына берилип, мектепти ошол бүткөргөн. Ага Кытайдын акчасынан тышкары Бишкек шаардык бюджетинен 104 млн. сом бөлүнүп берилген.

Башкы прокуратура былтыр “Айкөл курулуш” компаниясы менен мэриянын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, мектепти курууга мамлекет берген сумманын 91 миллиону кымырылганын жарыялаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты