Жанар жана жаштар 

Жанар жана жаштар Кытай өнүккөн экономикасы, Япония заманбап технологиясы менен ааламда алдыга чыгып жатса, Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер андай алп державаларды кантип, качан кууп жете алат?  Деги эле  ошондой дарамет бизде барбы? Бул суроого жооп табуу далай мүдүрүлткөн менен, бекем ишеним бар экенин унутпайлы. Кыргызстан — ыймандуу калктын, билимдүү жаштардын державасы. Ыйман менен  билимдин биримдиги ийгиликти камсыздайт.

Дал ушундай келечектин пайдубалын канткенде бекемдей алабыз деген суроолор 14-– майда депутат Жанар Акаевдин Ош облусунун жаштары менен болгон жолугушуусунун негизги өзөгүн түздү.

Депутат жаштар үчүн реалдуу талкуу платформасын уюштуруу демилгесин баштап, бул жолку жолугушууга дүйнөлүк спортто кыргыз желегин желбиреткен айтылуу Айсулуу Тыныбекова, жети тил билген Семетей Качкынбаев, адеп жолунда жүргөн Нуржигит Кадырбеков, “Билимкана” мекемелерин ачып, жаштарга татыктуу билим берип жаткан Элнура Осмоналиева, жаш профессор  Алмаз Бектеновду чакырып,  пикир алышты.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты