Сочидеги жолугушуулар

Сочидеги жолугушууларКР Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-майда,  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин  чакан жыйынына катышты. Андан кийин жыйын кеңири курамда улантылды.

Россия Президенти Владимир Путин  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчө-мамлекеттеринин башчыларын “Кош келиңиздер!” деп тосуп алды.

Буга чейин, 14-майда, Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

“Өлкөлөрдүн ортосунда  эки тараптуу форматта талкуулоо үчүн жалпы, салттуу темалар бар. Бүгүн биз  Евразиялык экономикалык бирликте кызматташуубуздун маселелерин кеңири курамда талкуулайбыз. Экономикалык уюм бизге ар тараптуу кызматташууга мүмкүнчүлүк берет”деп баса белгиледи Владимир Путин.

Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстандын негизги өнөктөшү — Россия менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча багытыбыз кыйшаюусуз сакталат деп дагы бир ирет ырастайм» деди.

Мамлекет башчы ошондой эле Армениянын жаңы премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушуп, ортодогу эки өлкөнүн мамилелери дагы бекемделээрин билдиришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты