Акыркы коңгуроо: Заманбап мектеп кандай болушу керек?

Акыркы коңгуроо: Заманбап мектеп кандай болушу керек?Саналуу күндөрдөн кийин мектептерде окуу жылы соңуна чыгат. Акыркы коңгуроо кагылып, мектептен кезектеги бүтүрүүчүлөр уядан учуп, калгандары каникулдан соң окууну улантышат. Анан кайра эле заманбап мектептеги билим берүү кандай болушу керек деген маселе калкып чыгат.

Өкмөттүк эмес уюм болуп саналган Булан институнун колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин мүчөлөрү 8-майда журналисттер менен жолугушуу учурунда билим берүү системасында орун алган  көйгөйлөрдү жана Коомдук кеңештин милдеттери, максаты тууралуу ой-пикирлерин  ортого салышты.

“Мектеп директору кызматы миң доллардан 25 миң долларга чейин  турат”

 КР Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү Алмаз Тажыбай, Евгений Коротковских жана Алексей Лучко  журналисттер менен жолугушууда Кыргызстандын билим берүү тармагындагы көйгөйлөрү, келечеги туурасында кеп козгошту.

Министрликтин Коомдук кеңешинин 14 мүчөсү келип түшкөн даттанууларды териштирет. Коомдук кеңештин сунуштары бирок рекомендация иретинде гана берилет.  Коомдук кеңеш мүчөлөрү №92 кесипчилик лицейинде директор конкурсу жок эле дайындалаарын аныктап чыгышкан.

Коомдук кеңеш мүчөсү Алмаз Тажыбайдын айтымында, мектеп директору жана кесипчилик лицейдин директору кызматына дайындалыш үчүн алардын эсеби боюнча, бир миң доллардан жыйырма беш миң долларга чейин пара берилет. Коомдук кеңеш андай пара берүү көрүнүшүн жоюу үчүн министрликке бир катар сунуштарды беришкен. Ал сунуштар ишке кандай ашырылат, аны мезгил көрсөтөр.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 8-февралындагы  Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы катуу күрөшүү тууралуу айткандары ар кимибиздин эсибизде.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз борбору Коомдук кеңеш мүчөсү Алмаз Тажыбайдын журналисттер менен Акыркы коңгуроо: Заманбап мектеп кандай болушу керек?жолугушуусунда айткандарына карата жообу мындай болду:

“Азыркы учурда “Билим берүү уюмдары тууралуу” типтүү Жобого өзгөртүү киргизилип жатат. Анда мектеп директорлорун конкурстук негизде дайындоого мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Министрлик тарабынан мектеп директорлоруна талаптар катуу коюлууда. Бишкек шаарынын мектептеринде мектеп директорун конкурстук негизде тандап алуу шарты ишке ашырыла баштады. Ошондой эле Эмгек кодексине өзгөртүү  киргизүү жагы иштелип чыгууда. Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү системасында 65 жашка толгон убакта эмгек келишими бузулат. Мектеп директорлору инновациялык ыкмаларды, жаңы технологияны өздөштүрө билиши шарт” дейт министрлик.

Мектепте атайын форма керекпи?

Мектептерде окуучуларга атайын мектеп формасын милдеттүү түрдө киргизүү боюнча Жогорку Кеңеш депутаты Махабат Мавлянова мыйзам долбоорун даярдап жүрөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин мүчөсү Алмаз Тажыбайдын пикиринде, мектеп формасын милдеттүү түрдө киргизүү мыйзамга туура келбейт. “Бул Конституция жана адам укугу боюнча  мыйзамды бузуу болуп саналат”.
А. Тажыбай мектептерде форманы милдеттүү түрдө киргизүү боюнча демилгеге бир нече жылдардан бери каршы пикирин билдирип келет. Бирок ал сунуш эске алынбай жатат.

Мектеп формасын милдеттүү түрдө кийирүү менен өлкөнүн дүйнө өлкөлөрүнун арасындагы адам укугу боюнча рейтинги төмөндөгөнгө шарт түзүлмөкчү.

Коомдук кеңеш кандай маселе чечет?

Акыркы коңгуроо: Заманбап мектеп кандай болушу керек?Евгений Коротовских Коомдук кеңеш мүчөлөрү биргелешип, министрликке сунуш бере аларына токтолду.  Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу коомдук демилгелерди илгерилетүү, мамлекеттик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча алар сунуштарды берип турушат.

Алмаз Тажыбайдын айтымында,  2010-жылы мамлекеттик органдарга көзөмөл,  жарандык көзөмөл кылуу органы керек болгон. Адегенде бул орган байкоочу кеңеш деп түзүлдү. Бирок айрымдар байкоочу кеңеш десе, мамлекеттик органдарга көзөмөл кылууга өтүп алышкан. Ошондон улам “байкоочу” деген функцияны алып салып,  “Коомдук кеңеш” деп өзгөртүлгөн. Алар мамлекеттик органды мониторинг кылуу аркылуу сунуштарды, рекомендацияларды берип турат. Коомдук кеңештин чечими сунуш иретинде гана берилет.

Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү Алмаз Тажыбай, Евгений Коротовских жана Алексей Лучко Коомдук кеңештин таржымалы, кимдер ага мүчө боло алары тууралуу басма сөз каражаттарынын өкүлдөрүнө кеңири маалымат беришти. Аталган министрликтин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү Булан институтунун жакында Кыргызстандагы мектептедин мугалимдеринин социалдык абалы тууралуу кеңири баяндамасы жарык көрө тургандыгын да белгилей кетишти.

Айгүл Бакеева   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты