Өкмөт: Лейлектеги селдин кесепети ыкчам жоюлсун!  

Өкмөт: Лейлектеги селдин кесепети ыкчам жоюлсун!  

Бүгүн, 14-майда, Баткен облусунун Лейлек районундагы сел кесепеттерин жоюу маселеси боюнча Өкмөттө кеңешме өттү.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев теза арада селдин кесепетин жоюу чараларын көрүүнү тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун маалыматына ылайык, Лейлек районунун беш калктуу пунктунда 11 турак-жай жана 14 социалдык обьекти жабыркаган. Ал эми көпүрөнү сел алуу коркунучунда турат.

Зарыл болгон  атайын техника жыйналып, ӨКМ жана жергиликтүү калк менен бирдикте 200 дөй адам ишке тартылганын билдирди. Жабыркаган аймактарда электр жарыгын кошуу, жолдорду тазалоо, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр М. Абылгазиев калыбына келтирүү иштерин ыкчам аткарууну, ошондой эле алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышынан калкты коргоо чараларын көрүүнү тапшырды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты