Сапар Исаков өзүн камоого негиз жок экенин билдирди

Сапар Исаков өзүн камоого негиз жок экенин билдирдиБүгүн, 14-майда экс-премьер Сапар Исаков Бишкек электр жылуулук борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин чегинде Улуттук Коопсузук комитетине суракка чакырылган. Ага чеийн 29-апрелде да суралганы белгилүү.

14-майда тамактануу маалынан кийин экс премьер Сапар Исаков Улуттук Коопсуздук комитетине суракка кайрадан кирди. Ага чейин үч саат суракта болду.

Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштегенин, » Жылуулук электр борборунун ремонтуна байланышы бар” деген адамдардын аты-жөнү толук айтылбай жатканын билдирген.

Экс премьер Бишкек жылуулук борбору боюнча өзүн камоого негиз жок экенин айтты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты