ӨКМ: Суу Кандава каналынан ашып-ташыды. Селден улам Лейлекте өзгөчө кырдаал киргизилди

ӨКМ: Суу Кандава каналынан ашып-ташыды. Селден улам Лейлекте өзгөчө кырдаал киргизилдиОш облусунун Өзгөн районундагы Кандава каналынан суу ашып, 15 турак үйдү суу каптады. Ал эми Баткен облусунун Лейлек районунда да суу каптады. 

Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында 2018-жылдын 13-майына  саат 23:30 чамасында катуу жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып, “Коммунист” тилкесинде 15 турак үйдүн короосун жана 1 турак үйдүн жер төлөөсүнө суу каптаган.

Тынчтык айылында 3 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине Өзгөчө Кырдаалдар министрилигин ин  Өзгөн райондук бөлүм башчысы, райондук жарандык коргонуу комиссиясы, 1 жүктөгүч, КР ӨКМнин №53 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган.

Мырза-Аке айыл аймагынан тартылган  жүктөгүч менен Кандава каналынын суусун Яссы дарыясына буруу жумушу жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бул туралуу Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Лейлекте техника жетишпей  жатат

Бүгүн, 14-майда өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кырсык болгон аймактарды көрүш үчүн Лейлек районуна барат. Кечээ, 13-майда, Лейлекте да  катуу жаандан улам айрым айылдарда сел жүрүп, бир топ зыян тийгизген. Кулунду айыл аймагына жеткирүүчү кыян жууп кеткен көпүрөлөрдү айланып өтүүчү  жол калыбына келтирилип жатат. Техника жетишпей, райондогу жети миң калкы бар Ак-Суу айыл аймагына жол каттамы ачылбай турат. Аталган аймакка электр энергиясы да бериле элек.

Жекшембиде кечке жуук каптаган сел Лейлек районундагы бир нече айылдарда суу түтүктөрүн, жолдорду, ички арыктарды жана электр линияларын жарактан чыгарган. Суу айдоо аянттарын жууп, бир нече баш малды агызып кеткен.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ак-Суу айылы менен Каракамар айылын байланыштырып турган ички чарбалык жолдун 4 чакырымын селдин суусу жууп, жол каттамы жабылган. Ак-Суу айылынан 7 бодо малды жана 2 электр мамычасын сел агызган. Сел каптаган Лейлек районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды.Бул маалыматтарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигини н басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты