Салам, Сочи! 

Салам, Сочи! Президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн,  14-майда,   Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн  Россияга, Сочи шаарына барды.

Сооронбай Жээнбековду Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколунун департаментинин башчысы Игорь Богдашев жана Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев тосуп алды.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш жыйынында ага кирген өлкөлөрдүн соода-экономикалык  маселелери, эл аралык кызматташуу, Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо  маселелери талкууланат.

Жыйында Евразиялык экономикалык комиссия республикабыз Бирликтин алкагында эки жылдын аралыгында жетишкен негизги жыйынтыктарды чагылдырган “Кыргыз Республикасы: Евразиялык экономикалык бирликтеги эки жыл. Алгачкы жыйынтыктар” аттуу баяндаманы  сунуштамакчы.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Россия Президенти Владимир Путин жана Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты