“Музей түнүнө” келиңиз!
- 6 лет мурун
- Блог
Адатта, биз музейлердин күндүз гана иштегенине көнүп калганбыз. Ал эми музей түнкүсүн да иштесе кандай болор эле деп ойлойсуз? Анда ушул жумада, 18-20-майда Кыргызстандын бардык аймагында “Музейдеги түн” маданий иш-чарасына барып катышсаңыз, ага өзүңүз күбө болосуз.
Ушул жумада, 18-20-майда андай иш-чара болгону турат. “Музейдеги түн” иш-чарасын “Искусство жана маданият борбору” коомдук бирикмеси, “OYOUM group» чыгармачыл тобу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте уюштурганы жатат.
Мындай иш-чаранын башталганына быйыл беш жыл болду. Бул жолу ал “Жарыкка чыгуу” деп аталат жана салтка айланып калган көрүнүшкө жаңы долбоорлор, инсталляция кошулат.
“Музейдеги түн” бул ирет “ Чыңгыз Айтматов дүйнөсүнө”, Көчмөндөр турмушуна, экологияны сактоого багытталган иш-чараларга арналат. Өзүбүздүн жарандар менен катар дүйнөнүн ар тарабынан келген меймандар да катышат.
Музейлердин ичинде жана сыртында, китепканаларда, чыгармачыл студияларда чеберчилик мектептери, манасчылар, ырчылар, жаз-бенддер жана жиджейлер иштейт.
Айтылуу сүрөтчүлөр, скульпторлор жаштарга чеберчилик өнөрканасын көрсөтөт.
Театрларда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган чыгармалар коюлат.
18-майдан 20-майга чейин саат 18:00 дөн 24:00 гө чейин КР жарандары жана меймандар акысыз төмөнкү даректерге барса болот :
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи.
- Касымалы Баялинов атындагы республикалык китепкана
- Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры
- Михаил Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик мемориалдык музейи
- Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи
- Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйү
- Ольга Мануйлованын мемориалдык үй-музейи
- Семен Чуйковдун мемориалдык үй-музейи
- Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы
- Эмен паркындагы ачык асман алдындагы скульптура музейи
- Эмне багындагы КР Сүрөтчүлөр Бирлигинин Көргөзмө залы
- “ 705 “студиясы,
- «Loft» цехи
- «Туңгуч» концерт-холлу
- «Asanbay» борбору (билет менен).
Кыргызстандын аймагында да 20 майдан саат 18:00 дөн 22:00 гө чейин “Музейдеги түн” иш-чарасы өтөт:
- Ош шаарындагы “Сулайман тоо” тарыхый-археологиялык музей-комплексинде
- Талас облусунун “Манас-Ордо улуттук комплексинде
- Баткен шаарындагы Баткен облустук драма театрында
- Жалал-Абад шаарындагы «Билимканада»
- Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылыныда “Shygaev museum” деп аталган искусство музейинде
- Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда
- Нарындагы облустук тарыхый-этнографиялык музейинде
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.