Референдум сабактары же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

(Башы гезиттин  өткөн  сандарында)
Референдум сабактары же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндөШайлоо түзүмүнө, добуш берүүнүн жана добуштарды саноонун эрежелерине, шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга болгон элдин ишеними гана быйыл күзүндө болуучу Президенттик шайлоодон кийин өлкөдө туруктуулукту камсыз кыла турганына жогоруда кеңири токтолдум эле. Анткени “ишеним” деген түшүнүк менен бизге чет жактан келип колдонулуп калган “легитимдүүлүк” деген түшүнүк бири-бирин шарттайт. Бийлик легитимдүү болушу үчүн элдин ишеними болуусу зарыл, ишенимден кеткен бийлик легитимсиз бийлик болуп калат. Мына ушундан улам шайлоого, анын жыйынтыгына элди ишендире албасак, шайлоо калыс, ачык жана таза өтөрүнө ынандыра албасак, анда шайлоодон кийинки тополоңду эч ким токтото албайт, анын арты кандай боло турганын, эмне менен бүтөрүн азыр алдын-ала айтуу мүмкүн эмес.
Жакында президенттин кеңешчиси Ниязов айтып атпайбы, бизде “…шайлоо түзүмүнүн реформасынын демилгечиси, боло турган шайлоонун таза болушунун кепили Алмаз Атамбаев, эл андан таза шайлоо өткөрүүнү күтөт, шайлоо жараянындагы жакшы жөрөлгөлөрдү анын ысмы менен байланыштырат…” – деп. Макул дейли. Чын же төгүн деп талашпайлы. Анткени чынында эле күзүндө болуучу шайлоонун таза өтүшүнө, анын жыйынтыгы менен чыр чыкпай, жаңы шайланган президентке дагы бир жолу тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берүүгө, бул кызматтан сый-урмат менен кетүүгө биринчи кезекте Атамбаев кызыкдар болуусу керек. Ал өзү деле айтып атпайбы: “…мен мураскер деп эч кимди калтырбайм, кимди эл шайласа, эл кимге ишенсе ошол менин мураскерим…” деп. Буга да ишенели. Бирок ушул айтылган сөздөр учурда жасалып жаткан иштер менен шайкеш болуп жатабы деген суроонун башы ачык, так жооп жок.
Тескерисинче, саясий репрессия жараянынын башталып жатышы, “Карыпбековдун кара жашиги” атала баштаган КТРКдан күнү-түнү бийликтин саясий оппоненттерин каралаган, ушак менен карандай жалаага негизделген бир беткей теле берүүлөрдүн уюштурулушу, бийликтин көзүн карап, бийликтин колунан жем жеп жаткан гезиттерге, интернет сайттарга ошондой эле маанидеги ушак макалалардын байма-бай жарыяланып жатышы, эркин журналисттерди коркутуп-үркүтүү аракети,  чындыкты айтам деген массалык маалымат каражаттарынын үстүнөн доо арыздардын сотко жолдонушу, аларды ачык эле кысымга алуу сыяктуу иштер эл ичинде “Атамбаев өз мураскерине жол тазалап жатат” деген пикирди жаратып жатат. “Жок андай эмес” деп айтууга учурда эч кандай негиз көргөн жокмун, андай сөздү жүйөлүү кылып айткан киши да жок Ак үй тараптан.
Мындан эки ай чамасында мурда Валентин Богатырев деген серепчи “Атамбаевдин экинчи мөөнөтү” деген макаласын жарыя кылган. Бул макалада учурдагы кырдаалга көз жүгүртүп, өз дымактарын жарыя кылган талапкерлердин чарк-чамасын баамдап, алардын биринин да жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү  жок экендигин белгилеп, анан быйылкы шайлоо да “Атамбаевдин атаандашы жалгыз эле Атамбаев” болоорун ачык жазган. Ошону менен бирге шайлоого карата Атамбаев жана анын командасынын жасай турган аракеттеринин багытын, анын мазмунун, башка атаандаштарды артка калтырып жеңишке жете турган стратегиясын да жарыя кылган. Ооба, бул серепчинин айтымына караганда, Бабанов болобу, Сариев болобу, Төрөбаев,
Келдибеков же Ташиев болобу, же дагы кимиси чыкса дагы эч кандай мүмкүнчүлүк жок жеңишке жетип президент болушуна. Ал эми Атамбаев болсо  2040-жылга чейин биз жашай турган программа даярдап, мына ошол программаны ишке ашыруучу жаш “команданы” элдин назарына коёт көрүнөт, “…мына мен силерге татынакай стратегия даярдап койдум, бул документ менен иштеп, жашай берсеңер ким президент болгонунун мааниси жок, мен Арашан айылынын жанында Максим Бакиевдин жерине салган хан-сарайымда отуруп карап турам, эгерде шайланган президент жолдон чыгып, мен айткан программадан баш тарта баштаса он миңдеген киши менен түшүп келип аны өз ордуна коюп коём, буга чейин эки революцияны өзүм жалгыз жасагам, ошол үчүнчү революцияны да мен эле жасай алам, ошондуктан баш оорутпай ушул балашкамды шайлап бергиле, жоопкерчиликти да, кепилдикти да өзүм алам…” — дегендей сөздөр менен элге кайрылат сыяктуу жакын арада. Анан коомчулук жапатырмак колдоп, анын “балашкасын”  шайлап алат окшойбуз кыязы.Референдум сабактары же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө
Валентин Богатырев деген Акаевден мурас катары Бакиевге, андан Атамбаевге өтүп келе жаткан серепчинин жазганынан мына ушундай маани чыгат экен. Ал эми бул айтылгандарга ишенбейин десең аталган макала интернет булактарына жарыя болгондон бир ай өтүп-өтпөй эле президент Атамбаев  атайын жыйын куруп, серепчи жазган ойлорду бышыктай турган сөз айтып,  2040-жылга чейин программасын жарыя кылып жатпайбы. Ошондон улам серепчинин жазганына айла жок ынана баштайт экенсиң.
Ачыгын айтканда, мындан төрт жыл мурда шапкебизди көкөлөтө ураалап ыргытып атып кабыл алган “2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы”  эч кандай жыйынтык берген жок, ал программада белгиленген көрсөткүчтөр аткарылбай эле калды. Акыркы үч жылда, 2015-2017-жылдары, ал стратегиянын аткарылышын да сураган эч ким болгон жок, президенттин алдындагы улуттук комиссия дагы, Өкмөт дагы атайын жыйын кылып, кайсы жери аткарылды, кайсы жери чала болуп жатат, ал эми кайсы иштер такыр ордунан жылган жок дегендей талкуу болгон жок. Мисалы, ушул президенттик стратегияга Ысык-Көл облусунан болгону 3 иш каралган, үчөө тең сугатка байланыштуу, Тоң районундагы Акөлөң каналы, Жети-Өгүз районундагы Кара-Булуңдагы сугат системасы анан Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылындагы канал. Бул иштер бүтмөк турсун эмдигиче башталган жок.  Элди кыдырып, мына ушундай иштер президент Атамбаевдин стратегиясында каралды, буюрса дүркүрөп өнүгөбүз деп айткан биз калпычы болдук орто жерден.  Ал эми ал Стратегиядагы Ички дүң продукциясын баланча пайызга жеткиребиз, эмгек акыны баланча эсе көбөйтөбүз деген сымал программалык көрсөткүчтөр аткарылмак турсун айтылган чектерге караандабай да калды. Мына ушундан улам ачык эле айтууга болот, болгону төрт жылга деп түзүлгөн планды ишке ашыра албай жатып, анан тиги 2040-жылды чапчыштын эмне зарылчылыгы бар?  “Мен 2040-жылга чейин баса турган жолуңарды, кыла турган ишиңерди аныктап койдум” дештин өзү жомок болуп жатпайбы. Анын  үстүнө ошончо жыл алдыга эмес жылына аткарылуучу иштерге каржы жок, эсебин чыгара албай жатабыз. Мына Балыкчы-Корумду жолун 2015-жылкы шайлоонун алдында Ысык-Көлгө барып,  СДПК партиясына үгүттөп жүрүп президент Атамбаев убада кылып, анан Өкмөттү шыкактап жатып баштатты эле, эми каржысы табылбай быйыл дагы бүтөөр-бүтпөсү арсар болуп турат.

Эми кандай болгон күндө дагы айтылып аткан 2040-жылга чейинки өнүгүүнүн стратегиялык программасы менен  президент Атамбаевдин мураскери элдин назарына жупташып сунуш кылына турган болуп калды, бири-биринен айрып карагыс, бири-бирин толуктап, бири-бирин шарттап  турган бир бүтүндүк катары. “Киши тандабай программа тандайлы” деген ураан да чакырылганы турат. Алдыдагы шайлоого карата Атамбаевдин планы ушундай көрүнөт.
Жакынкы күндөрү эле 18-апрель күнү  Борбордук шайлоо  комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова “Тегерек стол” өткөрдү, максаты жарандык коомдун өкүлдөрүн шайлоо таза өтө тургандыгына, анын  жыйынтыгы таза чыгарыла тургандыгына ынандыруу болду деп ойлойм. Бирок бул отурум максатына жетпей калды. Анткени ал жерде катышып отургандар дагы, маалыматты сырттан угуп-окуп жаткандар дагы “кыязы Борбордук шайлоо комиссиясы менен анын азыркы техникалык мүмкүнчүлүктөрү күзгү шайлоонун тагдырын чечүүчү жападан жалгыз борбор болот окшойт” деген пикирди жокко чыгара турган жүйөнү уга алышкан жок.
Ушундай кырдаалда шайлоонун шайтан оюндарынын кумары менен өлкөдө кайрадан дагы “жиндичилик” башталып кетпей тургандыгынын кепилдиги – бул шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык шарттарды жасоо, добуш берүүгө жана аны саноого байланыштуу мыйзам жана эрежелердин коомчулук тарабынан айтылып жаткан калпыс жана күмөндүү жерлерин оңдоп-түзөө. Бул учурдун зарылчылыгы.
Жогоруда айтылган “Тегерек столдо” Темир Сариев туура сунуш кылды – Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин көзөмөлгө ал турган “Коомдук комиссия” түзүлүшү керек. Мындай коомдук органдын ишин уюштурууга бардык саясий партиялар, президенттикке ат салышам деген талапкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү жигердүү катышса гана натыйжа болот. Коомдук комиссия эки маселени шайлоого чейин уюштурууга үлгүрүүсү  керек. Биринчиден, жер-жерлерде ар кандай деңгээлдеги атка минерлердин шайлоо жараянына кийлигишүүсүнө бөгөт коюу, мектеп директору, башкы дарыгер, айыл өкмөтү же дагы кимиси болсун кол алдында иштегендерге шайлоо боюнча кысым көрсөтүп, же үгүт жүргүзө турган болсо мындай учур ачык жарыя кылынып, андай адамдын мыйзам алдында жоопкерчилигин кароону көзөмөлгө алуу. Экинчиден, шайлоо күнкү ар бир участкадагы көзөмөлдү  уюштуруу жана добуш берүүнүн жыйынтыгын өз алдынча эсептөө. Ар бир участок боюнча протоколдорду сүрөткө тартып, интернет аркылуу Коомдук комиссияга жөнөтүү анча деле татаал иш эмес. Мына ошол протоколдор Коомдук комиссия тарабынан дароо жарыя болуп туруусу абзел.
Ошону менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдырахматова сунуш кылып жаткандай Автоматтык башкаруу түзүмүнө, анын борбордук серверине Боршайкомдун ар бир мүчөсүнүн көзөмөл кылууга укугу болуусу шарт, учурда ал жерге кирүүгө жалгыз Төрайым Шайылдабекова гана укугу бар экен. Бул, албетте, шек жаратат. Ошондой эле ал компьютер борбору толугу менен видео-көзөмөлдө болуусу керек, алардын ишин Боршайкомдун мүчөлөрү онлайн режиминде көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк болуп, операторлордун ар бир кыймылы видеотасмага жазылып турганы туура болот. Бул сунушту сөзсүз колдоо керек.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш да төмөнкү маселелерди чечип, мыйзамдаштырууга милдеттүү:

  1. Шайлоо участкаларында добуш автоматтык түрдө саналгандан кийин сөзсүз түрдө (зарылчылыгына жараша эмес) кайрадан бюллетендер кол менен саналып, дагы бир протокол жазылышы керек. Ошондо ар бир участкадан эки протокол даярдалат, бирөө автоматтык урнадан басылып чыккан протокол, бири – кол менен саноонун жыйынтыгы.
  2. Эгерде эки протоколдо айырма чыгып калса, анда ошол жердеги байкоочулардын катышуусу менен чыккан айырманын себептери аныкталып, ага өзүнчө протокол жазылышы керек.
  3. Добуш берүүгө келген шайлоочунун өздүгүн аныктоо жалгыз гана биометрикалык (бармактын изи менен) жол менен болуусу зарыл. Кошумча түрдө Ай-Ди паспорт же ИНН коду менен өздүктү аныктоого жол берилбеши керек. Бул шарт “айлампа” жолу менен бир эле адамдын бир нече жолу добуш берүүсүн токтотот.
  4. Шайлоонун жыйынтыгын автоматтык түрдө чыгарылышы сөзсүз түрдө түз көрсөтүлүп, жарыя болуп туруусу зарыл. Жалпы эл ар бир участканын жыйынтыгы менен катар жалпы жыйынтыкты да көрүп турушун камсыз кылуу керек. Боршайкомдун төрайымы Шайылдабекова мындай техникалык мүмкүнчүлүк жок дегендей айтып жатат. Кантип жок болсун? Мындан жети жыл мурда болгон мүмкүнчүлүк азыр кайда жоголуп кетти? Убакыт бар, даярдаш керек.
  5. Шайлоонун жалпы жыйынтыгы протоколдордун эки топтому (автоматтык урна басып чыгарган жана кол менен эсептеп жазылган)толук текшерилгенден кийин гана жарыя болуусу зарыл. Ошондой эле кол менен саноонун жыйынтык протоколдору дагы ар бир участок боюнча ачык жарыя болуусу керек.

Мына ушул айтылган жана шайлоо түзүмүн жакшыртууга багытталган башка дагы сунуштардын тезинен ишке ашырылышы гана Президенттик шайлоого ишеним жаратып, шайлоонун жүрүшүн жана анын жыйынтыгын таза жана ачык кылууга жол ачат, өлкөнү кезектеги башаламандыктан сактайт.

(Уландысы кийинки санда)

Эмилбек Каптагаев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты