Жеңил учакта жер жүзүн айланып келген Союзбек Салиев дүйнөлүк саякатчылар клубуна кабыл алынды

Жеңил учакта жер жүзүн айланып келген Союзбек Салиев дүйнөлүк саякатчылар клубуна кабыл алынды

2016-жылдын 25-августунда Кыргызстандан чыккан учактын капитаны Союзбек Салиев, штурманы, литвалык Йонас Жукнус менен “Mooney Ovation-2” деп аталган Америкада чыгарылган бир моторлуу жеңил учак менен 64 күндө Жер жүзүн айланып учуп келгени маалым. Ал ошол жылдын 27-октябрында Кыргызстанга кайтып келген. Кечээ жакында Союзбек Салиев дүйнөлүк саякатчылардын элиталык клубунун мүчөлүгүнө кабыл алынып, анын эрдиги белгиленди.
Жеңил учакта жер жүзүн айланып келген Союзбек Салиев дүйнөлүк саякатчылар клубуна кабыл алынды

Союзбек Салиев 64 күндө интернет аркылуу тапкан шериги Йонас Жукнус менен Африка, Түштүк Америка, Океания материгин, Атлантика, Тынч океан, Инд океан сыяктуу үч океанды учуп өтүп, 16 мамлекеттин аэропортуна конгон. Учактын орточо ылдамдыгы саатына 300 чакырым, учушунун ыраактыгы 4000 чакырым, учуу бийиктиги 4, 5 миң метр. Анын маршруту жер экваторун жандап учкан аба жолу “Улуу айлампа” деп аталат. Бул учак 179 саатта 49 чакырымдан ашык жолду басып өттү.

Борбор Азия мамлекеттери жана түрк тилдүү мамлекеттер арасында Жер жүзүн кыдырган биринчи адам, ал эми дүйнөдөгү Жер планетасын бир моторлуу учак менен айланып учкан дүйнөдөгү 200 адамдын бири. Бирок ушул багыт менен учкан дүйнөдөгү биринчи адам!
Жубайы Анарбаева Гүлзада Союзбек жыйырма жылдан бери жер жүзүн кыдырсам деп кыялданып келгенин билдирди. Соңку 4-5 жылдан бери кыялын ишке ашырууга катуу киришип калган. Жашаган квартирасын сатып, кредит алып, бир моторлуу учак сатып алып, аны оңдоп, даярдык көргөнүн айтты.
Атасы Сатыбалды Салиев өзү мектепте мугалим, директор болуп иштечү, 15 баласы бар, анын экинчиси Союзбек экен.
Союзбек 8-классты Куршабдагы мектеп-интернатынан, 9-10-классты Мырзакедеги мектептен аяктап, БГУдан окуп, андан кийин авиация окуу жайынан билим алып, учкуч болгон.
Кичинесинен зирек, эс тутуму күчтүү, эжелери жаттай турган ыр жана башка сабактарын угуп эле жаттап алчу экен. Чатырга чыгып алып түн бир оокумга чейин китеп окуп жатканда атасы “көп окуба” деп айдап түшүрчү.
Союзбек биринчи жолу самолет сатып алганда атасын Токмокко, Кантка чейин алып салып учуп келген. Жер жүзүн айланып учуп барам деп кетээр күнү гана элди чогултканда айткан.

Жеңил учакта жер жүзүн айланып келген Союзбек Салиев дүйнөлүк саякатчылар клубуна кабыл алынды27-октябрда бир моторлуу, америкалык учак “Манас” аэропортуна келип конгондон кийин тосуп алуучуларга салам айткансып, учак жакын келип, жерде дагы бир айлампа жасады. Учакка желбиретип, Кыргыз мамлекетинин желегин тагып алышкан. Биздин мамлекет символу Жер жүзүн “Улуу айлампа” деген багыт менен айланып келди.
Бир убакта жүзү күнгө тотуккан Союзбек Салиев штурманы Йонас Жукнус менен жеңил учактан желек көтөрүп, чыга келип тосуп тургандарды өзгөчө кубанычка бөлөгөнү эсимде.
Жакын барсак, бир моторлуу учагы эки эле орундуу, кичинекей  экен. Мына ушуну менен алар Жер планетасын кыдырып келишкенине кантип суктанбай коюуга болот! Ал эми ошол учурда 72 жаштагы литвалык учкуч Йонас Жукнус жер шарын экинчи ирет айланып келиптир.
“Биз 50 күндө кайтып келебиз дегенбиз, бирок Вьетнамдын үстүнөн учканда аскердик окуу өтүп жатыптыр, ал эми Филиппинде тайфунга, Африкада кумдуу бороонго туш болуп калдык. Тынч океандын үстүнөн учуп бара жатканда байланыш кыйын болду. Экватордун аймагында ар убак аба ырайы бузулуп турат экен.
Бирок эң эле эсте калганы— Тынч океандын үстүнөн учуп бараткандагы ажайып көрүнүш болду. Жолду ката самолетто тамакты көп деле жебеш керек, биз Баткендин өрүгү менен тамактанып жаттык, бирок аны Чилиден конфискациялап койгондо печенье менен тамактанууга туура келди” дейт Союзбек Салиев.
Мына эми, андан бери арадан эки жыл өтүп, Жер жүзүн бир моторлуу учак менен айланып келген даңктуу жердешибиз Союзбек Салиев дүйнөлүк элиталык саякатчылар клубунун мүчөсү болуп олтурат.

Айгүл Бакеева,
сүрөттөр Союзбек Салиевдин өздүк архивинен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты