ЖЭБ боюнча Сооронбай Жээнбеков да жооп берсин деди Сапар Исаков

ЖЭБ боюнча Сооронбай Жээнбеков да жооп берсин деди Сапар Исаков

Кечээ, 10-майда,  парламентте Жылуулук электр борборундагы авария боюнча парламенттик комиссия баяндаманы угуп жана талкуулай баштаган. Ага экс премьер Сапар Исаков да катышкан. Бүгүн КСДП партиясынын басма сөз кызматы ЖЭБ боюнча экс премьер Сапар Исаковдун комментарийин жарыя кылды. Анда Исаков ЖЭБ боюнча тиешелүү бардык жетекчилер, ал кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да жооп берсин деди.   

“Кечээки парламенттеги талкуу бул—айрым саясатчылардын элди адаштырып жана ЖЭБдеги аварияга тиешелүү чыныгы күнөкөрлөрдү жоопкерчиликтен ала качып кетүү” деп комментарийледи Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков ЖЭБдеги авария боюнча парламенттик комиссия ишинин жыйынтыгын карап жаткан учурун.

С. Исаков мындай деп айтты “Башынан баштап эле депутаттык комиссияга туура эмес маалымат беришти жана башка жакты карай бурушту. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында тажрыйбалуу жана татыктуу адамдар абдан көп. Объективдүүлүк жана чынчылдык баары бир жеңип чыгат деп ишенем.

Мен жоопкерчиликтен эч убакта качкан эмесмин. Маселени 2 суроого бөлүп алалы.

Биринчи суроо: ЖЭБдеги авария жана бардык деңгээлдеги, алардын тушунда 2017-2018-жылдардагы кышка даярдык маселеси каралган ЖЭБ директорунан баштап, премьер-министрге чейин жетекчилердин жоопкерчилиги.  Ал жерле жөнөкөй мастерлердин, ал тургай, цехтин башчыларынын да кереги жок. Нурлан Өмүркул уулунан баштап, Сооронбай Жээнбековго жана Сапар Исаковго чейин жооп берүүгө тийиш.

Кышында, авария учурунда мен Сооронбай Шариповичти жоопкерчиликтен атайылап эле калкалап келгем. Көпчүлүгү анда унчуккан эмес. Бишкектиктер анда тоңуп турушкан, ал эми ЖЭБди кышка карата даярдагандар унчукпай же бири-бирине шылтап жатышты. Мен жетектеген өкмөт, иш жүзүндө күзүндө келген. Бирок саясий жоопкерчиликти өзүмө алгам.

Эми ошол учурда жоопкерчиликти алганымды эрки боштук катары кабыл алышканын көрүп олтурам.  Ал эми депутаттар ушундай милдетти алып жаткандан кийин Сооронбай Шариповичтин тушунда ЖЭБдин учурдагы оңдоо иштерине жүздөгөн миллион сомдорду коротуп, эмнеге эски жабдууларды оңдобогонун, ошонун айынан ЖЭБде авария болгонун изилдеп чыгышы керек болчу. Эмнеге? Комиссия буга жооп бербегени кызык…

Ал эми ЖЭБдин мурунку директору Нурлан Өмүркул уулун Кожобек Рыспаев менен байланыштырып жатышат. Балким, ошон үчүн ЖЭБдин мурунку директоруна борбордук трибунаны берип, жоопкер адам катары эмес, эксперт катары карап жатышпасын? Жоопкерчиликтен качпаш керек. Жооп бериш керек!

Экинчи суроо: ЖЭБди реконструкциялоого 386 млн АКШ доллары боюнча келишим түзүүнүн себептери жана аны ишке ашыруудагы кемчиликтер. Анын ичинде бардык жетекчилердин: ал кезде иштеген ЖЭБ директорунан баштап, энергохолдинг жетекчилери жана анын структураларынан баштап министрлерге чейин, премьер-министрге, ал учурдагы Жогорку Кеңеш спикерине, үч парламенттик комитеттин төрагаларына чейин жетекчилердин жоопкерчилиги каралсын.  Башкача айтканла Андрей Воропаевден баштап Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков жана экс-спикер Асылбек Жээнбековго чейин.

Ошондуктан депутаттык комиссия тизмени толук түзгөн эмес деп эсептейм.  Эгер акырына чейин акыйкат боло турган болсок, анда келишим боюнча кол койгондордун баары суралсын. Анын ичинде дароо үч окууда ратификация кылгандар дагы. Тиешелүү көзөмөл кылбай эксплутацияга кабыл алгандар дагы. Кечээкидей терип суракка албаш керек. Президент бир тууганыма да, досума да карабайм деп даана эле айтпадыбы” деди Сапар Исаков.

КСДП басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты