Кечээ кармалган Рустам Маманов менен Рустам Воинов ким?

Кечээ кармалган Рустам Маманов менен Рустам Воинов ким?

Кечээ, 10-майда, Улуттук мамлекеттик Коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы кармаган Рустам Маманов менен Рустам Воинов  кимдер экенин эске сала кетели. Алар козголгон кайсы бир кылмыш ишинин алкагында делип, бирок кайсы экени ЖМКда ачык аталбастан, кармалган.  

Рустам Маманов

Рустам Маманов айтылуу бизнесмен, эл арасында анын “алюминий падышасы” аттуу ылакап аты менен белгилүү.  Мындай атка конгонунун себеби СССР таркай баштаганда, алюминийден жасалган буюмдарды Кытайга ташуу менен алектенгендиги буга себеп.

Маманов 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты болуп шайланган. “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы болуп туруп, партиядан өз каалоосу менен чыгып кеткен. 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышкан.

2014-жылы “Улут жүзү” коомдук фондун уюштурганы,  2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоо алдындагы штабында иштегендиги белгилүү.

Камила Талиева вице-премьер болуп турганда, 2014-жылы, мектеп формасын киргизүү боюнча талаш-тартышта окуучуларга форма тигүү демилгесинин артында Маманов тургандыгы айтылган.

“Улут жүзү” фондусунун эсебинен кайрымдуулук акциялары менен белгилүү, меценат..

Рустам Воинов деген ким?

Кечээ Коррупцияга каршы кызмат буларды кармады дегенде, жалпыга маалымдоо каражаттарында Рустан Маманов менен кошо белгилүү кикбоксер Александр Воиновдун кармалганы тууралуу маалыматтар да жарыяланып жатты. Бирок кармалган Александр Воинов эмес, анын алыс туугандарынын бири Рустам Маликович Воинов экенин Улуттук Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы тактоо киргизген.

Рустам Воинов тууралуу маалымат аз, болгону анын “Б.Л.С” курулуш фирмасы тууралуу жана анын кытайлыктар менен соттук араздашуусу орун алганы айтылат.

“Вечерний Бишкек” гезити 2016-жылы Рустам Воиновдун “Б. Л. С” курулуш фирмасы бар экенин жана кытайлыктар ага инвестор болом деп, рейдер болуп алганын жазып чыккан.

Айжан Айтышева

.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты